Айбат » Алданып келдик, бул жолу алданбайлы, элдин добушун сатып алгандар, мамлекеттин жерин да, элин да, кызыкчылыгын да сатаарын эстен чыгарбайлы!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Алданып келдик, бул жолу алданбайлы, элдин добушун сатып алгандар, мамлекеттин жерин да, элин да, кызыкчылыгын да сатаарын эстен чыгарбайлы!

шайлооЖогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттарын шайлоо күнүнө саналуу гана күндөр калды. Канчалык бул күнгө жакындаган сайын ага катышып аткан саясый партиялардын үгүт иштери күчөп барат. Албетте, мыйзамдуу багыт менен бараткан үгүт иштеринде маселе жок. Тилекке каршы айрым саясый партиялардын өкүлдөрү шайлоочулардын добушун арзыбаган акчага сатып алууну көздөп жатышкандарында кеп болууда. Маселен, азыркы тапта саясый партиялар жер-жерлерди кыдырып эл менен жолугушууларды уюштуруп жүрөт. Ырчы-чоорчулардын коштоосунда барып, элди көбүрөөк өзүнө тартуу аракетин жасагандары да бар. Бул да албетте мыйзамдуу эле көрүнүш. Бирок ошол бекер концерттерге дагы элди акча менен чакырып барып жатышкандарын кандай түшүнсөк болот? Башка учурларда концерт көрүш үчүн билет сатып алып, акча корото турган болсок, шайлоонун үгүт иштери маалында концерт көрүп келишиң үчүн тескерисинче элге акча берип жатканы өзүнчө эле тамаша . Ошол элге акча төлөп берип тартуулаган концерттери менен ал саясый партиялар кандай кадыр-барк табышы мүмкүн? Же элибиз булар концерт көрүп келгенибиз үчүн да акча беришсе, кийин иштебей үйдө жамбаштап жатканыбыз үчүн да акча беришет деп ойлоп бизге добуш беришет деген үмүттө болуп жатышабы? Бул үгүт иштери маалында болуп аткан одоно көрүнүштөрдүн бир өңүтү гана. Экинчи өңүтү андан да кызык. Айрым алыскы райондордун айылдарында шайлоонун шарапаты менен ар бир көчө гана эмес, үйлөрүнүн эшигинин алдына чейин шагыл төшөп берип аткан окуялар катталууда. Анан дагы бир үй-бүлөдө канча шайлоочу бар экендигин катташып, ар бирине 1000-2000 сомдон таркатып аткан партиялардын өкүлдөрү тууралуу узун сабак кылып айтып жүргөн мекендештерибиз бар. Эми ушул көрүнүштөрдөн улам биз логиканы ишке киргизип көрбөйлүбү? Шайлоо маалындагы одоно көрүнүштөрдүн биринчи өңүтү – бекер концерт, же элге акча төлөп берип тартуулаган концерт тууралуу айталы. Албетте, элдин маанайын ачып коюу жакшы нерсе. Бирок эмнеге шайлоо маалында гана? Мындай бекер концерттерди ошол эле саясый партиялар башка убактарда деле уюштуруп турса болбойбу? Болот болчу. Тилекке каршы алар парламентке келип алгандан кийин жумшак кресло менен кымбат баалуу автоунаа, анан дагы кызмат талаш, папке талаштар менен алектенип отуруп элди эстеринен чыгарып коет. Ошентип алар дээрлик беш жыл бою парламент отурумдарында «Бекер концерт» тартуулашат. Алардын мындай «концерттеринен» мамлекетибиздин кызыкчылыгы, элибиздин мүдөөсү аткарылып кеткен жери жок. Албетте жакшы иштегендери болду. Бирок азыркы убаданы катыра берип аткандардын көпчүлүгү акыркы беш жылдык мөөнөттө мамлекет үчүн алгылыктуу иштерди жасай албай тургандыктарын далилдеп коюшпадыбы. Болгону күпүлдөп сүйлөп, интрига жасап, «бийиктиктен» секирип, кулакка кесме «илип» эле жүрүштү. Ошондо бир элди аралап, «кой элим үчүн бир жарытылуу иш жасай албасам да, маанайларын бир көтөрүп коеюн» деп ырчы-чоорчуларды чакырып бекер концерт уюштуруп берип коюшкан жок. Демек, биз беш жылда бир эле жолу берип коюучу бекер концерт үчүн, парламентте иштебей эле мушташып-тиштешип, амбициясын тыя албай айкырышкан айымдар менен мырзалардын «шоу-концертин» көрүүгө добуш беребизби? Экинчи өңүтү боюнча кыскача токтололу, эгерде биз өз добушубузду 2000 сомго сата турган болсок, анда депутаттар бир күндүк мөөнөтүн бизден 15-16 тыйындан сатып алып жаткан болот экен. Ошондо ким алданып атат? Албетте эл. Алар сиздин добушту бир күнгө 15 тыйынга баалап сатып алса, аны парламентке барганда мамлекеттин эсебинен миң, миллион эселеп кайтарып алганга далалат жасайт. Добушту сатып алуу жолу менен парламентке барган депутат эч качан мамлекет үчүн иштебей тургандыгын унутпайлы. Эки миң сомду бир жумада жеп бүткөн соң дээрлик беш жыл бою депутаттардын салаңдаган курсактарын карап курсагыбызды тойгуза албайбыз. Ойлонолу, толгонолу! Алданып келдик, бул жолу алданбайлы!

Айбат гезити №147



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru