Айбат » Марс Сариев, саясат таанучу: “Кийин ошол ар бир “миң” сомду миллион сом кылып чыгарып алабыз деп ойлоп жатышат”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Марс Сариев, саясат таанучу: “Кийин ошол ар бир “миң” сомду миллион сом кылып чыгарып алабыз деп ойлоп жатышат”

Сариев Марс- Айрым партиялар 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо добуштарды сатып алууга аракет кылып жатканы байкалууда. Сиз мындай көрүнүштү кандай баалайт элеңиз?

– Азыр элдин социалдык деңгээли таптакыр акча албай шайлоо өткөрүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Ошондой шарттан айрым партиялар пайдаланып атат. Эгерде эл тыйылса да учурдагы саясатчылар акча сунуштап элдин маанайын өзгөртүп шайлоонун шаңын бузууга аракет кылышат. Азыр кээ бир партиялар ар бир жаранды миң сомдон сатып алабыз деп көлөкөдө тон бычып олтурат. Кийин ошол ар бир миң сомду миллион сом кылып чыгарып алабыз деп пландашат. Албетте ушундай максаттагы депутаттар элдин ишеничин актап, өлкөнү алдыга карай жылдырат деп эч ким айта албайт.

- Коомду мындай моралдык туруксуздукка үйрөткөн ошол саясатчылардан эмне жакшылыкты күтүүгө болот?

– Алардан эч кандай жакшылык күтүүгө болбойт. Болгону депутат болуп мамлекеттин камсыздандыруусунда эч кандай муктаждык жок жашайбыз деп аракет кылганы. Мисалы мен аларга ишенбейм. Акча менен элди сатып алып кайра элдин акчасына жашашат. Ошондуктан баарысы эмес, такыр эле бийлик үчүн жанын берүүгө даяр партиялар элди түрө кыдырып тоодой убаларды берүүдө. Биз бул жолду эволюциялык жол менен көрүшүбүз керек эле. Андан башка жолубуз жок. Элдин шайлоо боюнча көз карашы ушундай жол менен калыптанып, 10 жылдан соң таптакыр башкача өңүттө шайлоолор өткөрүлүп калат.

Айбат гезити №147




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru