Айбат » «Ата Мекен» партиясынын кыргызга кастыгы, же Манастын урпактарына кулак кагыш!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » «Ата Мекен» партиясынын кыргызга кастыгы, же Манастын урпактарына кулак кагыш!

Өлкөдөгү саясий кырдаалга ташка тамга баскандай таасын баа берип, оң-терисин тайманбай айта келген Сабыр Муканбетов башкалар менен бир катар 20 жылдан ашык мезгилден бери кашыктап жыйган кадыр-баркын чөмүчтөп төгө турган кадам жасай баштаган «Ата мекен» партиясынын лидери Ө.Текебаевдин терс «жүрүштөрүн» дагы ачык айтып чыкты. Шайлоо алдында партияны партия кылгандар түртүндү болуп, ага акчалуу качкан-тозгондор толуп, Ө.Текебаевдин «тазабыз, принципиалдуубуз» дегендери жел сөз экенин айгинелеп салды дегиче болбой, ошол эле «Азия news» гезити (20-август, 2015) саясий чайкоочулардын көсөмү болчу өкүлү Каныбек Иманалиев «Ата Мекендеги» ордун 200 миң долларга сатып алганын кыйытып салды. «Жел жүрбөсө, чөп башы кыймылдабайт» дегендей, болбосо буга чейин 8 партиянын короосуна кирип, аларды курутуп чыккан К.Иманалиев «Ата Мекендин» алдыңкы сабына кайсы албан эмгеги үчүн илинип калды деген суроо өзүнөн өзү коюлуп турат.

Тилинен башка берекеси жок, калпты-чынды койгулаштырып, безилдеп сүйлөгөндү тири шумдуктай өздөштүргөн К.Иманалиев саясий чайкоочу гана эмес кыргыз элинин, анын сыймыгы «Манастын» да душманы болуп эсептелерин Ө. Текебаев билеби-жокпу-айта албайбыз, балким, билип туруп ушу ишке барып жатабы – аны да айтыш кыйын! Бирок экинчи божомол чындыкка жакын болуш керек, анткени Ө.Текебаев кантсе да, кеңири маалыматтуу киши эмеспи – кантип эле К.Иманалиевдин жайсаңчылардын анабашы экендигин билбей калсын! «Билген эмесмин» десе да ишенсек болчудай. Себеби Ө.Текебаев кыргыз тилинин, каада-салтынын, тарыхынын тагдырына күйүп-бышмак түгүл, бир саам назар салып, кызыгып көргөн жан эмес. «Манасты» болсо, оозуна да албайт. Тили, салты, тарыхы, «Манасы» жок «кыргыздар» көп болуп, «Ата Мекенге» шатырата добуш берип турса, анын көңүл жай, чечекейи чеч болорун эчак эле түшүнүүбүз керек эле. Бирок, бүгүнкү алакөөдөн, айкөл кыргыздар таттуу сөздөргө эреркеп, тез алданып, кабат-кабат убадаларды берип, шайланар алдында чүштөдөй аппак болуп чыга келген «баягыларга» тез ишенет. Биздин шорубуз да ушунда окшойт.

Бул жагдайды мыкты билген Ө.Текебаев ушундан улам эшик эмес, тешиктен кирген жайсаңчыга «Ата-Мекендин» төрүнөн орун берип, эркелетип отурат. Ал эми анын эркеси К.Иманалиев 15 жылдан бери генийлер Сагымбай менен Саякбай бизге жеткирген улуу «Манасты» талкалап, жунгар-калмакчыл рухка сугарып, ал аркылуу бүткүл кыргызды мазактап келген жайсаңчылардын анабашы, координатору экендиги жумурай журтка белгилүү. Алар өзүнчө уюшкан топ, секта денгелине жетип, четтен келген акчага кутуруп, ээн жердин бөрүсүндөй жер чапчыгандарына Ө.Текебаев сындуу билеги күчтүү көмүскө колдоочу турганда таңкалып деле кереги жок экен. (Балким, К.Иманалиев Калмыкиядан, саентология жана мунисттер борборлорунан келген жашыл акчалар менен Ө.Текебаевдин «көзүн ачып» койгондур?!). Канткен күндө да, кыргыздын бул Көзкамандарын бакандай, тажрыйбалуу саясатчы Ө.Текебаев кантип, эмнеге колдоп, калкалап жүрөт деген суроо калкып турат. Муну биз сурабасак да, бир күнү «Манасты» аздектеген эл сурап коюшу ыктымал. Анткени «Манасты» бирде кымбаттап, бирде арзандап турган бензин менен электрге, аткарылбасы айдан ачык убадаларга кыргыз эли алмаштыра койбойт. Алар – күнүмдүк оокат, «Манас» – элибиз үчүн түбөлүк дөөлөт.

Андан да кызыгы Ө.Текебаев депутаттыкка талапкерлердин тизмесине өтө күжүрмөн жайсаңчылардан дагы экөөнү кошкону бул иш кокустук эмес экенине ого бетер ишендирет. Алтынбек Карамолдоев жана Акылбек Түмөнбаев деген К.Иманалиевдин нойондору бул партияда эшек такалап жүрүшкөн жок да. Кайран гана К.Иманалиев бул жерде да шилекейин чачыратып, өзүлөрүнө көңүлү түз Ө.Текебаевди оңой эле көндүргөн көрүнөт. (Бирок бизге бул тизме толук эместей сезилет. Бүбүмариям аттуу көзү ачык аферист катын менен калмак чоро Үмөт уулу Жайсаңдын «тирүү» арбагын депутаттыкка талапкерлер катары буларга жанаша койгондо «Ата Мекендин» тизмеси көркүнө чыга түшмөк экен).

Ал эми Көзкаман менен Көкчөгөздөргө кучагын кенен жайган «Ата Мекен» партиясына өзүн нукура кыргызмын, Манастын урпагымын деген атуулдар жана дегеле кыргызды «Манасы» менен кошо урматтаган бардык адамдар дагы эле добуш беришеби, дагы эле ооз көптүрмө сөздөргө, жалакор жана калп убадаларга жетеленип кетеби – бул чоң маселе! Өтө чоң маселе!

Чындык ушул – Ө.Текебаев «Манастын» душмандары менен кучакташып калгандан кийин, биз анын партиясына каршы добуш беришибиз керек! «Кыргыз» деген сыймыктуу элибиздин аты-заты, «Манас» деген жүрөктөгү дөөлөт бизди ушуга аргасыз кылат. Ушундан улам «Манасты», ал аркылуу бүтүндөй кыргызды мазак кылып келген К.Иманалиевге, ал төрүндө отурган «Ата Мекен» партиясына кайсы бетибиз менен добуш беребиз» деген чоң соболду ар бир шайлоочунун алдына койгубуз келет!

Кайрылууга кол койгондор:

«Апрель Элим Кыргызстан» коомунун атынан – Шейшекеев Д.

Кыргыз Эл жаштар кеңеши – Айталиев Б.

Элдик революцияны коргоо кыймылы – Өскөнов М.

Т.Тургуналиев – коомдук ишмер

А.Өмүрканов – Кыргыз эл акыны

Акын-жазуучулар: Т.Мамеев, Т.Иматов, Т.Нурманбетов

К.Даутов – КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер

Илимдер академиясынын, ЖОЖдордун доценттери жана профессорлору:

С.Алахан, О.Сооронов, Г.Орозова, М.Садыров, К.Абакиров, Н.Турдубаева, Б.Баймырзаев, М.Сатыбеков, С.Исаева, А.Сыдыков, А.Медетов, Ж.Уразова, Ж.Бейшеева, С.Сагидаева, С.Эшалиев, С.Жекшен кызы, М.Далбаева ж.б.

 

кайрылуу_скан




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru