Айбат » Ата-журтуң кыйын күнгө кабылганда, ар бир уулуң айлансын чагылганга!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Ата-журтуң кыйын күнгө кабылганда, ар бир уулуң айлансын чагылганга!

Уланбек ЭргешовЖакында боло турган парламенттик шайлоонун таза өтүү деңгээли өткөн шайлоолордон айырмаланабы? Таза шайлоо болобу? –деген суроого, бары бир добуштан таза шайлоо болбостугун айтып кейип, 25 жылдан бери таза шайлоо болбогон, эртең болуп калат беле? – деген ойлорун айтып келишет.

Бул тууралуу жаштарыбыз: “Шайлоого барсак да, барбасак да баягы эле жеп – ичкичтер өтүшөт. Шайлоого барып, кезекте тургандан көрө, үйдө оокатыңды кыла бергениң туура, – деп айткандар да аз эмес. Ушуга окшогон пикирлерди угуп, Кыргызстандын келечеги болгон жаштарыбыздын эмитеден өз келечегине кайдыгер караганы заманыңды курутат. Анан эмне кылмак эле? Шайлоо таза өтөт деп коюп, өздөрү каалаган, акчасы көптөрдү өткөрүп жатса, добуштарды сатып жатса, жаштардын деле айласы кеткенинен ошол сөздөрдү айтууга мажбур болуп жатышат да. Балким ошол биздин менталитет кээ бир жаман ниет, пейилибизге жараша айткан сөздөрүбүзгө ылайык Кудайда оозубузга салып жаткандыр. Ошого ылайык 25 жылдан бери бүгүнкү күнгө чейин «Кыргызстаным» эмес «курсагым», -деп жүргөн адамдар бизди башкарып тураттыр. Ооба, ошондой өз камын ойлогон саясатчылардын айынан бүгүнкү күндөгү экономика жана социалдык тармактардагы абалыбыз оор. Буга ким күнөөлүү? Деген суроону койсок, терең көзкарашта айланып келип эле бул биз карапайым эл, үйүндө оокат кылып жаткан, эмне болсо ошол болсун деген адамдарыбыз күнөөлүү! Улуу ойчул таалимчи Ф.Гулен: “Бир мамлекеттин келечегин көрөм десең анын жаштарын кара”-дейт. Жаштар бир эле мамлекеттин келечеги эмес, биз жаш муун бүгүнкү күндүн да башкы мазмунубуз. Биз бүгүнкү жаман пейлибизди оңдобосок, эртеңки күнүбүз да, мындан аркы шайлообузда мурда кандай болуп келсе ошондой болуп калышы мүмкүн. Эртеңки күнү үйдө жатып же шайлоо күнү эшикке чыгып бир партияга 2000-3000 сомго добушубузду сатсак, Кыргызстандын келечегин сатып жана утурумдук тамак менен дагы 5 жылга кыйналган мамлекетте жашап калабыз. Келечекте жакшы Мамлекетти эртеңки күндө тарбиялуу жана билими чоң жаштарыбыз барышына умтулуп, коомубуздун оңолушуна аракеттенип биз алданып добуш сатып жана сатып алуу жаман кыялыбызга барбайлы. Кайсыл жаш муун бүгүн добушун сатса демек эртең ал бирөөнүн добушун сатып алып барып калат! Келгиле достор, өсүп келе жаткан жаш муун чыныгы Кыргызстандын жакшы келечек тагдырын тандаганга ар бирибиз салым кошолу жана айрыкча тарыхта кала турган шайлоо күндөрү биздин келечеке канчалык маанилүү экенин, эртеңки мекенчилдигибизди көрүшкөндө, алардын 3000 сомуна караганда биздин эгемендүү Кыргызстан маанилүү жана кымбат экенин, 5 жылдан кийинки шайлообуз өзгөчө толугу менен таза жана чоңдордун шайлоодо элге кылган акча мамилелерин өзгөртөт деп өз курсагын ойлогон чоңдорго билдирели. Келгиле достор, ата-энелер, биз үйдө жатпай, ар бирибиз шайлоо күнү өзүбүзгө жарык жол тандайлы жана бизден кийинки өсө турган муунга үлгү болуп, тура идеологияны үйрөтөлү!

Уланбек Эргешов,
Ала-Тоо Ататүрк университеттинин студенти

Айбат гезити №147



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru