Айбат » Биз бут тосууларга жыгыла бербейбиз

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Биз бут тосууларга жыгыла бербейбиз

Өздөрүнүн ийилчээги, бийге болгон таланттары менен канчалаган жаштардын жана улуу муундун алкышына татып, жаш жигиттердин түн уйкусун уурдап, алардын жүрөктөрүн багынткан жаш бийчилер кимдер десеңиз, алар  Ажарлуу кыздардан куралган “Ажар” бийчилер тобу. Таланттуу, ажарлуу, өз иштерин мыкты билген, көптөгөн ийгиликтерди жарата алган “Ажар” бийчилер тобунун жетекчиси Канатбекова Назгүл жана бийчи кыз Касымбекова Гүлназ бизде
конокто.

Ажар бий тобу

 

Назгүл КанатбековаКанатбекова Назгүл, жетекчиси

- Алгачкы маегибизди “Ажар” бий тобунун тарыхынан баштасак, эмне себептен “Ажар”, кантип жана кайда пайда болгон?

– Биздин “Ажар” тобу 2012-жылдын 1-май айында түзүлүп  ачылган. Алгач  бий тобубузду  ачып жатканда алты кыз элек. Мен, Гүлназ  Айдай, Айпери, Алина, Алиман деген кыздар эле. Баарыбыз сулуулар сынагына  катышып  баарыбыз номинацияларга жеткенбиз. Ошол кыздар биригип группанын атын “Ажар” деп койдук. Ажарлуу, сулуу кыздар деген маанини түшүндүрөт.

- Группанын эң татаал жана жеңил учурлары?

– Эң татаал учур башында болду, биз группаны түзүп , бийлегенге зал таппай жүрдүк. Айлабыз кеткенде университеттердин жер төлөөлөрүндө, мектептерде, чынын айтсам  аябай кыйналып зал таппай жүргөндө филармониянын чекесинде да бийлеген учурлар башыбыздан өттү. Кийин кудайымдын буйругу менен  Локоматив спорт комплексин таап,  бий менен алектенип баштадык.  Ошол залдан баштап биздин башыбыздан өткөн кыйынчылык күндөрүбүз акталып алдыдагы оор сыноолорго  стимул болуп берди. Жалпылап айта кетсем бир жылдай кыйналдык. Ушул учурдан пайдаланып өзүмдүн  кыздарыма  ыраазычылыгымды билдире кетет элем. Башыбыздан өткөн кыйынчылык, оор күндөрдө бийди таштап кетпей, чыдап, бирге болуп, колдоо көрсөткөндөрүнө рахматымды айтам.

- Сиз кайсыл суроого жооп бергиңиз келет? Бирок сизге бербейт?

– Мага берилген суроолордун арасынан эмнеге жетиштиңиз деген суроого жооп бергим келет.

- Анда андай суроону биз сизге берелик, кандай ийгиликтерге жеттиңиздер?

– Чоң рахмат, ийгиликтеримди айта кетсем эки жолу “Сейтекте” жеке концертибизди бердик,  ал концертибизге көрүүчүлөр көп келип, аншлаг менен өттү. Мен өзүм жаш болсом да чоң хореграфтар мени мактап, мага жардам беришкен, ошого абдан ыраазымын. Кичинекей бийчи кыздарым бар 3-18 жашка чейинки , ошолор азыр чоң сахнага бийлеп чыгып жатышат. Менин жетишкендигим ушул болсо керек деп ойлойм. Мындан тышкары  Октябр айларында Астанага барып келебиз деген пландар бар эле, бирок Астанада суук түшүп калганына байланыштуу азырынча белгисиз болуп жатат, келерки жума белгилүү болот деп турабыз, дагы кошумчалай кетсем  2016-жылдын март айларында Турцияга барганга келишим түзүп жатабыз.

- Бир топтун жетекчиси болуу кандай?

– Көпчүлүктүн оюнда группа ачуу оңой дешет. Бирок ар бир иштин өзүнө таандык оорчулугу бар. оңой жумуш бул жашоодо болбосо керек. Албетте, өзүң сүйүп жүргөн ишиң менен алектенсең да ал дагы көнгөнчө оор болот.  Группадагы кыздар менен иштеш да оңой эмес. Анткени,  алардын ар биринин мүнөзү ар башка, жигити менен урушуп кетсе да келбей коет, алардын жүрүм-туруму ошолордун баарын көтөрүп жүрүүнүн, бирдей мамиле кылуу оор болот экен.

- Жаш, бийлейм деген кыздарга кеңешиңиз?

– Ар дайым  талыкпай эмгек кылуу керек. Бийчи болом десе талыкпас эмгек керектелет. Аны үчүн алар бийлегенди жактырып, бийди жандарынан да жакшы көрүш керек. Эгер сүйүп иштеп, аракет кылса, албетте, ал эң мыкты бийчи боло алат. “Аракет кылсаң-берекет” дегендей  ардайым талыкпай эмгектене беришсин.

 

Гүлназ КасымбековаКасымбекова Гүлназ, бийчи

- Бийчиликтен эмнени таптыңыз? Эмнени жоготтуңуз?

– Бийчиликтен мен эң алгач эле ден-соолук таптым десем болот, ар дайым өзүңдү жеңил сезип,  маанайың да көтөрүңкү жүрөт, өзүмдү  келбеттүү, дене түзүлүшүмдү түз алып жүргөндү, элге жагыныш үчүн же болбосо шоу бизнес үчүн эмес өзүмө тийиштүү, кыздарга тийиштүү болгон нерселерди таптым десем болот. Ал эми, жоготконум деле жок, болгону зыяны көптөгөн бут тосуулар, көрө албагандар көбөйөт экен. Бирок, биз  бут  тосууларга жыгыла бербейбиз.

- Бут тосуулар болот деп калдыңыз, кандай бут тосуулар?

– Азыр  ырчылардай да бийчилерибиз абдан көп болуп калган. Алардын сапатынан саны көп, бийлей алабы жокпу, айтор кимдин телеканалдарда тааныштары болсо, ошолор эле бийлеп калышты.  Мындан тышкары “таланттуу кишини дайым көрө албастык кууп жүрөт” дегендей көрө албастык да болот экен. Аларды айтпай эле коелу.

- Бийчилик талантыңызды канча жашыңызда байкадыңыз?

– Бийге шыгым бар экенин кеч билдим, көптөгөн бийчи кыздар 3-4 жашынан эле  өз таланттарын байкап, бий менен машыга башташат экен. А мен өзүмдүн бийге болгон шыгымды кеч байкап калып, бийчилер дүйнөсүнө кеч кадам шилтеп калдым. Жалпылап айта кетсем бийчилик чөйрөсүндө  бийлегениме 5-6 жыл болду.

- Бийлеп жатып, бийден тажаган учурлар болду беле?

– Буга чейин эки группада бийлеп чыктым. Биринчи группадан чыккандан кийин, бийлебей эле койсомбу  деген ойлор болду. Анан өзүбүз группа түзүп,  элге кызмат кылууну чечтик. Себеби,  бийди таштай албайт экенбиз. Анткени, бийлеп көнүп калган киши бийди кечип кете албайт экен.

- Азыркы учурда сизди кайгырткан, жана кубандырган нерсе?

– Аябай кайгырткан нерсе деле жок,  кудайга шүгүр, болгону жогоруда айткандай бийчилер абдан көп, жакшы бийлеген кыздар тойлордо гана бийлеп, ал эми таанышы барлар концерт, теле каналдарда бийлеп калышты. Ал эми кубандырган нерсе өзүм сүйгөн, бий менен алектенип жүргөнүм, бул менин экинчи кесибим болуп калды, биринчи кесибим медик, учурда эконом факта окуп жатам.

- Бийдин кайсыл түрү пайдалуу?

– Бийлерди бөлүп айта албаймын бул пайдалуу же тигил пайдалуу деп. Анткени, ар биринде эле денелериң, булчуңдарың баары кыймылдайт, тердеп шлактар да чыгат, ашыкча салмактар кетет, пайдасы абдан көп десем болот.

- “Кыз кишинин барар жери күйө” дейт го, кийин жолдошуңуз үй-бүлөнү же бийди десе эмне дейт элеңиз?

– Бийлеп берем деп алдайм да (күлүп), тамаша турмушка чыккандан кийин бийлебейт болушум керек. анткени айымдарга биринчи орунда  үй-бүлөлүк бакыт. Эгер күйөөм бийлей бер деп мага уруксат бере турган болсо, балдарыма таалим-тарбия бергенге убактым болуп турса албетте өзүңдүн сүйгөн кесибиңден баш тарта албайсың го.

- Бизге келип маек куруп бергениңиздер үчүн чоң рахмат. Алдыдагы иштериңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайбыз.

Бактыяр Кыдыралиев

Айбат гезити №147




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru