Айбат » Кубан Атабеков, спорт кабарчысы: Аскер адамы болууну кыялданчумун

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Кубан Атабеков, спорт кабарчысы: Аскер адамы болууну кыялданчумун

Кубан АтабековБир гана кыргыз спортун чагылтырбай, чет өлкөнүн спортун чагылдырып, Кыргыз телевидениесинде спорт жаатына өз күйөрмандарын көбөйтүп, спортту жаңы нукка көтөргөн Кубан Атабековду кимдер гана тааныбайт. Кубан мырзанын жүзүнөн тааныбагандар үнүнөн таанышса керек. Өз ишин так билген, көпчүлүктүн алкышына татыган Кубан Атабеков бизде конокто. 

- Кубан мырза, балалыгыңыздын бал татыган учуру кайда жана кандай өткөн?

– Туулган жерим Жумгал районунун Чаек кыштагы, өскөн жерим Сокулук районунун Октябрь айылы. Шоктук, оюнкараак мүнөзүм бар эле, бирок атамдын талабы боюнча окууну эстен чыгарчу эмесмин. Үч кесипти бирдей алып жүргөн атам, алты жашымда шар окуганга, шахмат ойногонго үйрөтүп, апам илем деген килемдин ордуна жер шарынын саясий чоң картасын тагып берген. Дал ошол картанын алдында дүйнө жүзү тууралуу кептер курулуп, өлкөлөрдүн аталышы менен таанышып  отуруп билимибиздин кеңдиги өскөн экен (азыркы интернетке кирген сыяктуу болоор эле). 1-класска барганымда мугалимибиз Жыпариза Төрөканова эжебиз, бул бала гезитти шыр окуйт экен деп 2-класска которуу сунушун кийирген, кийинчерээк классынан чыгаргысы келген жокпу, айтор өзүмдүн классымда эле калып калдым. Эжейим менден сабак сурабастан дүйнө жүзүндө кандай жаңылыктар болуп жаткандыгын сураар эле. Апам мектеп китепканасында иштеген жылдарында география, тарых жана адабият сабактарын алдын ала окуп койчумун. Спорттук оюндарга аябай жакын өсүп, өзүбүздөн жогорку класстагыларды футбол, баскетбол мелдештеринде утуп алчубуз.

- Кичинекей Кубан келечекте кайсы кесиптин ээси болгонду самачу эле?

– Кичинемде аскер адамы болуу тууралуу кыялданганым эсте. Буга ошол кездеги согуш тууралуу кинолордун көптүгүнөн болсо керек.

- Мектепте кайсы сабакты берилип окудуңуз?

– 6-классымда борбордогу №5-мектепке сыноодон өтүп, кабыл алынганымда төбөм көккө жете сүйүнгөм. Физика сабагына басым жасалган класста  окуп, кудум ЖОЖ до окугандай өзүбүздү алып жүрөөр элек. Шахмат боюнча мектептин  2-тактасы болдум, 1-тактада КР эки жолку чемпиону М.Турпанов ойноочу. Командалык жаатта Бишкек шаарынын чемпиону болгон жайыбыз бар.

- Студенттик күндөрүңүз да башкалардыкындай кызыктуу окуяларга бай болсо керек?..

– 1993-ж. Кыргыз Техникалык Университеттин Энергетика факультетине өтүп, 1999-ж. Магистратурасын кошо аяктадым. Эркин күрөш жана шахмат боюнча университеттин курамасында туруп универсиада оюндарында намыс талашчумун. Англис тилин студенттик мезгилде өздөштүрүп алганым учурда аябай пайдасы тийип жүрөт. Сулуу кыздарды сыртынан жактырчумун, бирок сүйүп калуу деген болгон жок.

Кубан Атабеков үй-бүлөсү менен- Спортту сүйүүчүлөр үчүн мыкты мүмкүнчүлүк түзүп, спорттук берүүлөрдү алып барасыз. Журналисттик кесипке кандайча аралашып калгансыз?

– Студенттик кезде Мыктыбек Арстанбек уюштурган “5х5” интеллектуалдык көрсөтүүсүндө катышкан ЖОЖдордун командасын утуп, баш байгени жеңип алганбыз. 80 туура жоопту бергенгеби, М.Арстанбек телеге келбейсиңби деп калды. Окуумду улашым керек деп макул болгон эмесмин, кийинчерээк бир эсе турмуштук  баалуулуктар алмашып, экинчиси адам өзүнүн жөндөмдүүлүгүн издейби айтор 2000-ж. тобокел деп М.Арстанбектин тобуна аралашып ушул күнгө чейин теледен чыга албай келе жатабыз. Ал эми, алгачкы жеке долбоорум “1200 секунд спорт тууралуу” көрсөтүүсүнүн эфирге чыгып калуусуна ошол кездеги аппарат жетекчиси, Дүйшөн Исмаилович Ирсалиевдин салымы абдан чоң. Айрым жетекчилер теледолбоорду  жактырбай койгон учурда, ал киши жоопкерчиликти өзүнө алган жайы бар. Адегенде кесибимдин алмашып кеткенине атамдын ичи чыкпай жүрдү, акыры ал жактан кетпесиме көзү жеткен соң батасын берген эле.

- Өзүңүз спорттун кайсы түрү менен машыгасыз?

– Азыркы мезгилде үстөл тениси менен көбүрөөк алпурушуп келем, себеби кичинебизде үйдө бир эмес эки үстөл тениси болоор эле. Бир эсе кыймыл, экинчиси мелдештерге даярдануу.

- Кыргыз спортчуларынан кимди сыйлайсыз?

– Бар жөндөмүн кыргыз спортуна арнап тим болбостон адамдык асыл сапаттарды да ала жүргөн спортчуларга бөтөнчө урматтоо жаралат экен. Ал эми, бир жагынан таң калтырып, экинчи жагынан сыймыктантканы – Канатбек Бегалиев.

-  Алдыда сизден дагы кандай жакшы саамалыктарды күтсөк болот?

– Чоң спортто жакшы накыл кеп бар, “туруктуулук –чеберчиликтин белгиси” деген. Анын сыңары буга чейинки долбоорлорду токтотуп койбой, тиешелүү деңгээлде уюштуруп, жүзөгө ашырып туруу маанилүүдөй. Жаңы саамалыктарды жасаш керек, ал үчүн эргүү зарыл, ал эми эргүү бул эмгек менен гана келчү нерсе көрүнөт.

- Үй-бүлөөңүз туурасында айта кетсеңиз?

– Атам-Шамшыбек, апам-Күлүкан эмгектин ардагерлери, эки бир тууганым менен айылда турушат. Жубайым Элиза, билим берүү тармагында иштейт. Арууке жана Албан аттуу уул-кызыбызды тарбиялап келебиз.

- Жаш жаңы чыгып келе жаткан журналисттердин өсүү деңгээлине кандай баа берээр элеңиз?

– Барынан татаалы бул туура баа бере билүү, чынын айтайын акыркы убакта мени журналистика эмес эле ишти уюштура билүү сапаттары барлар кызыктырып жаткандай.

Кубан Атабеков 2- Өзүңүздүн устатыңыз ким?

– Айкын түрдө тигил же бул деп айтуу кыйыныраак, бирок ар кимден аз-аздан алып жүрүп отуруп акыры жыйынтыкка келесиң, эң башкысы өзүмдүн  кетирген жаңылыштыктарым  деп айтаар элем.

- Журналисттердин көбү саясатка кетип жатышат. Сизди да келечекте саясат майданында көрө алабызбы?

– Эң негизгиси жасап жаткан ишиңден ыракат алуу, кишини 20 жашында сезими, 30 да таланты, 40 да акылы башкарат экен. Саясат бул от сыяктуу, өтө жакын барсаң күйүп кетесиң, алыстасаң үшүп каласың дегендей, башта бул тууралуу ойлонуп көрбөптүрмүн. Качан аткарган ишимден канагат албай баштасам, балким бул  жаатта дагы  ойлонуп көрөөрбүз. Эгер аралаша турган  болсок, татыктууларга жол ачуу, жалпыга баштапкы акыйкаттык абалды түзүүнү каалаган  топту тандамакмын.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru