Айбат » Бишкектеги «Сүйүү паркындагы» кафелердин биринде жашыруун иштетилип жаткан кумаркана табылды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Бишкектеги «Сүйүү паркындагы» кафелердин биринде жашыруун иштетилип жаткан кумаркана табылды

казино

Кечээ, 20-июнда саат 23:00дөр чамасында Бишкек ШИИБнин мыйзамсыз кирешелерди адалдаштырууга каршы күрөшүү боюнча бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Бишкек ШИИБнин ыкчам аракет отрядынын аскерлери менен бирдикте ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө «Сүйүү паркы» парктык комплексинин аймагындагы эки кабаттуу кафеде жайгашкан жашыруун кумаркана бар экендиги аныкталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Жашыруун жайды ачыктоо учурунда администратордон, дилерлерден жана тейлөөчү кызматкерлерден тышкары жыйырмага жакын оюнчулар бар болгон.

Ыкчам-тергөө аракеттерин жүргүзгөндө кумаркананын кассасынан 2 миң доллар, 82 миң 640 сом, жалпы 516 миң 325 сом суммасына оюн фишкалары табылган, ошондой эле 4 оюн столу бар болгон.

Бул факт боюнча Бишкек ШИИБнин тергөө башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 259-1-беренесинин 1-бөлүмү (Оюн жайларын түзүү жана иштетүү, ошондой эле оюн жабыктарын пайдалануу менен кумар оюндарын жүргүзүү) кылмыш ишин козгоду.

Жашыруун кумаркананын администратору Бишкек шаарынын тургуну 24 жаштагы А.Рустам кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына жеткирилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак : Баракелде



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru