Айбат » Кыргызстанда илбирстин саны такталат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экология » Кыргызстанда илбирстин саны такталат

Ак илбирс Кызыл китепке киргизилип, 12 мамлекетте сейрек кездешүүчү жаныбар болуп саналат.илбирс

Кыргызстандагы ак илбирстин саны аныктала турганын Жаныбарды сактоо боюнча глобалдуу программанын секретариаты билдирди.

Учурда ак илбирс жоголуп кетүү коркунучунда тургандыктан, Кызыл китепке киргизилип, 12 мамлекетте сейрек кездешүүчү жаныбар болуп саналат.

Маалыматка ылайык, жырткычтын эсебин алуу боюнча изилдөө иштери боюнча алгачкы жыйын өтүп, “Ак илбирсти сактоо боюнча улуттук стратегиянын” ишке ашуусуна жана сүрөткө тартуу ыкмасын пайдалануу боюнча макулдашууга карай биринчи кадам болду.

Бирдиктүү иш-аракеттин натыйжасында Кыргызстанда ак илбирсти сактоого арналган иш-чараларды көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берүүчү маалымат базасы түзүлөт.

Ак илбирстин көбөйүшүнө мыйзамсыз аң уулоо, соода, азыктануучу базанын жана жаныбардын жүрүүсүнө ыңгайлуу жерлердин кыскарышы тоскоолдук жаратып келет.

 



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru