Айбат » Кыргызстандын 12 кайра иштетүүчү ишканасы ЕАЭБге өз продукциясын чыгарууда

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кыргызстандын 12 кайра иштетүүчү ишканасы ЕАЭБге өз продукциясын чыгарууда

Учурда Кыргызстандын 12 кайра иштетүүчү ишканалары өз продукцияларын ЕАЭБге чыгарууда. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн алдындагы Ветеринария жана фитосанитария боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары, Башкы ветеринардык инспектор Ашырба50697й Жусупов билдирди.

“Жалпы алганда Кыргызстан боюнча 24 кайра иштетүүчү ишкана бар. Булардын ичинен 8 сүт азыктарын кайра иштетүүчү, 2 балык, 2 бал өндүрүүчү ишкана ЕАЭБдин реестирине кирип, чыгарган продукцияларын ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө (Казакстан-Орусия) сатып жатышат. Буга чейин бажы кошунуна кирген мамлекеттердин инспекторлору реестерге негизинен Ысык-Көл, Чүй облустары боюнча сүт азыктарын кайра иштетүүчү ишканаларды киргизген. Тилекке каршы Нарын, Талас облусундагы ишканалар кирбей калды. Бирок, бул инспекторлордун  октябрь айында дагы келе тургандыгы күтүлүүдө. Биз алар менен тыгыз байланышта иштешип жатабыз. Ошондо кирбей калган кайра иштетүүчү ишканалардын айрымдары  реестерге киргизилиши мүмкүн. Ага чейин бул ишканалар белгиленген кемчиликтерди четтетип, өз продукцияларынын сапатын ЕАЭБдин талаптарына жооп бергидей деңгээлге жеткириши керек”,- деди Башкы ветеринардык инспектор.

“Ошол эле учурда реестерге кирген ишканалардын айрымдары деле Казакстанга продукцияларын чыгара албай жатышат. Мисалы, Ысык-Көлдөгү “Ак-Жалга” сүттү кайра иштетүүчү ишканасы баа айырмачылыктарынан улам продукцияларын Казакстанга өткөрө албай жатат. Себеби, казак туугандар абдан эле арзан алгысы келип, продукцияны өндүрүүгө кеткен чыгым өзүн актабай кала тургандай кырдаал түзүлүүдө. Буга байланыштуу Казакстандан биздин продукцияларга кызыкдар жеке компанияларды караштырып жатабыз. Негизинен биздин сүт азыктарыбыз Казакстандын Алматы шаарына, Жамбул, Кызыл-Ордо облустарына жөнөтүлүүдө. Ал эми Кыргызстандын балыгы, балы Казакстан, Орусиянын бардык аймактарына кетип жатат”, -деди ал. “Мындан тышкары ЕАЭБге кирген өлкөлөргө малдын этин киргизүү багытында  сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бул маселени жаңы жылга чейин чечүүнүн аракетин көрүүдөбүз”,- деп кошумчалады ал. Эскерте  кетсек, басма сөз каражаттарында айрым сүт азыктарын кайра иштетүүчү ишканалар өз  продукцияларын ЕАЭБге чыгара албай жаткандыгы тууралуу айтылган болчу.

“Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru