Айбат » Жалал-Абад областында кичи жана орто бизнес ишканалар өндүргөн продукциялардын көлөмү төмөндөп кетти

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Жалал-Абад областында кичи жана орто бизнес ишканалар өндүргөн продукциялардын көлөмү төмөндөп кетти

спадЖалал-Абад областы боюнча кичи жана орто бизнес ишканалар өндүргөн продукциянын көлөмү 2013-жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча 392 млн 602 миң 800 сомду түзүп, 2012-жылдын январь-май айына салыштырмалуу 79,1%га, же болбосо 103 млн 736 миң 900 сомго аз аткарылган. Мындай маалыматты аймактык кабарчы Орозалы Карасартовго КР өкмөтүнүн Жалал-Абад областтык өкүлчүлүгүнүн аппаратынан билдиришти.

Өкүлчүлүктүн маалыматы боюнча, кичи жана орто бизнестин көлөмүнүн азайышынын себеби – Аксы районундагы «Молочная» кичи ишканасынын акча каражаттын жоктугуна байланыштуу убактылуу токтоп турушу, Базар-Коргон районундагы «Гулам-Ата» ЖЧК пахта буласын чыгаруучу ишкана сырьенун жоктугунан жана сезондук негизде иштегендиктен токтоп турушу болууда.

Сузак районундагы көмүр өндүрүүчү кичи ишканалар жаздын эрте келишинен, өткөн жылга салыштырмалуу аз көлөмдө көмүр өндүргөн. Жалал-Абад шаарындагы «Металлоизделия» кичи ишканасы өткөн жылга салыштырмалуу аз өндүргөн. Кара-Көл шаарындагы «Нурлан-Алко» ЖЧКсы акча каражаттын жана өндүрүлгөн продукцияга керектөө талабы жоктугунан токтоп турат.

Булак : Баракелде


Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru