Айбат » Шайлоодо абсолюттуу лидер боло турган СДПКдан башка партия жок

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Шайлоодо абсолюттуу лидер боло турган СДПКдан башка партия жок

Юлия Якушева4-октябрдагы парламенттик шайлоодо СДПКдан башка абсолюттуу түрдө алдыга чыга турган партия жок. Бул тууралуу орусиялык «Север-Юг» аттуу политборбордун директору Юлия Якушева билдирди.  Анын айтымына караганда, аталган борбор жакында атайын изилдөө жүргүзүп, тарыхы бар белгилүү партиялар жаңы чыгып жаткан партияларга караганда бир топ аброй топтогонун аныктаган. “СДПК партиясынан башка лидерликке чыга турган партия жок. Ал эми “Ата Мекен” партиясы идеологиясы өзүнө төп келбей, эл арасында кадыр-баркын жоготкон”, – деп билдирди Ю.Якушева. Ошондой эле аталган борбордун директору Кыргызстандагы партиялар Орусиячыл жана Американы жактаган болуп экиге бөлүнөрүн байкаганын билдирди. “Кыргызстанда антиорусиялык маанайдагы партияларды байкаганыбыз жок”, – дейт ал. Андан сырткары Ю.Якушева Батышты жактаган саясий уюмдар актуалдуулугун жоготконун белгиледи.

Айбат гезити №148 (02.10.2015)



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru