Айбат » Текебаев менен Мадумаров ачык салгылашка өттүбү?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Текебаев менен Мадумаров ачык салгылашка өттүбү?

Мадумаров АдаханБорбордук шайлоо комиссиясы “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясынын арызынын негизинде “Ата Мекен” партиясына эскертүү берди. БШКнын мындай аракетине “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев баштаган партия өкүлдөрү Адахан Мадумаров тууралуу тасманы жарыялаганы себеп болгон. “Бул партия чындыкка дал келбеген, тастыкталбаган тасмалар менен “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясын каралап жатат. Биз КТРК жана башка маалымат каражаттарына да эскертүү берүүңүздөрдү суранабыз. Алар такталбаган маалымат таратып, биздин партияны бир тараптуу айыптоону токтотсун”, – деп айтылат аталган билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Текебаев менен Мадумаровдун кыл чайнашы Коомдук каналда өткөн теледебатта тутанып, анда биринин үстүнө бири “жугунду куйган”. Эки эрендин мындай ачык каршылашуусу эмнеге алып барарын алдыңкы убакта көрө жатабыз.

Айбат гезити №148 (02.10.2015)




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru