Айбат » Колдогуну сактап, Президенттин багытын улайлы!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Колдогуну сактап, Президенттин багытын улайлы!

СДПКСДПК – өлкөнү жаңылоо боюнча Кыргызстан элине жана Президентине тирек жана шерик болуп келаткан бирден бир саясый партия.

Эгер 2009-жылы Кыргызстан «КМШда эң кедей өлкө» саналып,  айрым “көсөм” эксперттер «мамлекет болбой калды» деп жар салып келишсе, бүгүн өлкөбүз намыска тийген “кедей” атынан арылып, өнүгүү жолуна түшкөн мамлекеттер катарынан орун алды.

Жергебизге келген чет жердиктер Кыргызстанды “эркин жарандар өлкөсү” атап, Борбор Азияда аттын кашкасындай айырмаланып турганын белгилешет.

Турмушта ар бирибизге тирек керек. Кыйын кезеңде жалгыз калтырбай, караан боло турган жөлөк-таякка дайыма муктаж болобуз. Өлкөгө да тирек керек. Соңку беш жылда СДПК элибизге, мамлекетибизге, Президентибизге тирек болуп келди.  Ошол арка-белге таянган Президент Кыргызстанда тынчтыкты камсыз кылып, кайра жаралуу жолуна сала алды.

Тынчтык менен бейпилдик – эл жана Президент менен бирге СДПК жетишкен негизги дөөлөт, байлык. Тынчтык болгондо гана экономика өнүгүп, бакубат турмушка жол ачылат. Мына ошол башкы байлык – тынчтыкты сактоо баарыбыздын милдетибиз. Бейпилдик болгондо гана адамдар иштеп акча таба алышат, очор-бачарлуу болушат, үйгө кут, ырыскы кирет. Албетте, телегейи тегиз коомду бир күндө жаратуу мүмкүн эмес. Бирок биз ошол жолго түштүк.

Жээнбеков, Турсунбеков

Азыр айрым саясатчылардын эптеп эле элге жагуу үчүн берип жаткан куру убадаларына, баарын бузуп, кайра реформалайбыз деген сөздөргө ишенбегиле – бул “реформа” сөрөйлөр баарыбыз үчүн өтө кымбатка турушу ыктымал.

Бизди беш жыл бою колдоп келген бардык жарандарга, саясатчыларга жана депутаттарга СДПК ыраазылыгын жолдойт. Өткөн оор сыноолордо биздин партия ысык-суукка чыдады, ар башка күчтөрдү баш коштуруу үчүн бар күчүн үрөдү. Дал СДПКны «бийлик партиясы» деп, мамлекеттик чечимдер үчүн жаман-жакшы сөздүн баарын дал СДПК көтөрдү. Беш жыл бою четте туруп алып, бизди сындап, табалап келгендер эми өлкөдөгү жетишкендиктерге ортоктош болгусу келгени аргасыз жылмайтат. Демек, Президент, өлкөбүз  жана СДПК туура жолдо баратат деп айта алабыз.

Жогорку Кеңешке шайлоо алдындагы жолугушууларда көпчүлүк эл Кыргызстандагы азыркы абалды сактап, тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөө зарылдыгын өзгөчө белгилеп жатышат. Буга байланыштуу, ардактуу мекендештер, кудай жана абийир алдында төмөнкүлөрдү сиздерге убада кылабыз:

СДПК азыркы багыттан тайыбайт, өсүп-өнүгүү жолунда Президентке тирек, шерик бойдон кала берет.

СДПК

СДПК эл менен, Президент менен биргеликте баштаган иштин аягына чыгат. Өлкөнү өнүктүрүүнүн бардык багыттарын аныктаган Стратегиябыз жана Саясый платформабыз бар.

Ачык айталы: өлкөдөгү азыркы тынчтыктын түбү али бекем эмес. Экономикадагы жана ар бир адамдын турмушундагы оң жылыштарды дагы бекемдөө керек. Азыркы бейпил турмуш аркылуу гана жаңы иш орундарын ачып, айлык-пенсияларды көтөрүп, кыргызстандыктардын бакубатчылыгын арттыра алабыз.

Коррупция менен күрөш, сот реформасы сөз жок  улантылат. Алдыда кара жол, темир жол салуу, миңдеген гектар айдоо аянтын өздөштүрүү, аймактарды көтөрүү, ата-бабалар мурасын өркүндөтүү сыяктуу албан максаттар бар. Дүйнөдө абал кабатыр кылат. Ошондуктан, өлкө коопсуздугун бекемдөө, чек ара менен армияны чыңдоо, терроризмди алдын алуу милдети турат.

СДПК

СДПК – бардык аймактарда колдоого ээ болгон, көп улуттуу, мамлекеттин бардык милдеттерин көтөрүүгө жана чечүүгө жарамдуу саясый партия.   Биздин команда кесипкөй, таланты ташыган жаштар, карандай мээнети аркылуу ийгиликке жеткен адамдар менен толукталды.

2010-жылы алган милдеттери боюнча элге отчёт берген бир гана СДПК болду. Өткөн айда биздин партиялаштар, талапкерлер  800 миңден ашуун кыргызстандык менен жолугуп баарлашты. Бардык жерде колдоо да, сын пикир да уктук, эң башкысы – өлкө келечегин жалпылап талкуулап алдык.

СДПК

Бизде кемчиликтер менен катачылыктар да бар, аларды жоюп, арабызды тазартуудабыз. Башкалар азыр убада кылып жатканды СДПК кыйладан бери жасап келатканын адамдар көрүп турат. Адамдар кайсы партия иштеп, кайсынысы куру убада берип жатканын баамдап, кимге ишеништи билип калышты. Шайлоочуларды сатып алууга, атаандаштарын жөнү жок каралап, намысын булгап жаткан уятсыз саясатчыларды деги парламентке жолотуш керекпи?

СДПК

Президенттин багыты – көз карандысыз, бакубат Кыргызстанды куруу. СДПКнын максаты – бул багытты ар тараптан колдоо.

2015-жылдын 4-октябрында СДПКга добуш берүү менен Сиз Президенттин багытын колдойсуз.

Өлкөнү ойлойлу! Президентти колдойлу!

Айбат гезити №148 (02.10.2015)




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru