Айбат » Жүрөгүбүз менен добуш берели

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Жүрөгүбүз менен добуш берели

ШайлооУшул жекшембидеөтүүчү парламенттик шайлоо акыркы беш жылдагы эң маанилүү саясий окуя катары сыпатталууда. Аламан жарышка аттанган 14 партия бир ай бою элди өзүнө тартуу үчүн колунан келгенин аракетин жасады. Эми аларга баа берүү, тандоо биздин колдо.

Айрым улуу муундагы саясатчыларыбыз акча таратып добуш алууга аракет кылып жатканда жаңы муундун өкүлдөрү шайлоочуларды акчага азгырылбоого чакырууда. 29-сентябрда “Кыргызстан жаштар федерациясы” саясый кыймылынын мүчөлөрү Бишкекте   маалымат жыйынын өткөрүп, кыргызстандыктарды добушун сатпоого чакырды. Аталган кыймылдын лидери Максат Темирбаевдин айтымында, 6-чакырылыштагы парламенттин орду өзгөчө болот жана ага татыктуу адамдар келиши керек. “Биз Кыргызстандын элине кайрылабыз. Жакында 4-октябрда бизде парламентке шайлоо болот. Андыктан биз бардыгыңыздарды өзүңүздөр ишенген партияга жүрөгүңүздөр менен добуш берүүңүздөрдү суранабыз. 6-чакырылыштагы парламент бул тарыхый парламент болот. Себеби биз алдыдагы төрт жылда парламенттик өлкө болобузбу, де президенттик болуп калабызбы, мына ушул маселе чечилет”, – дейт ал.

“Кыргызстан жаштар федерациясы” саясый кыймылынын  координатору Айбек Теңизбаев жарандарды добушун сатпоого, бүгүн добушубузду сатсак, эртең алар бизди сатып кетерин, бүгүн үгүт иштерине миллиондорду сарптап аткандар эртең ошол акчаны кайра чогултуу аракетин көрөөрүн билдирди. Ошондой эле алар “Эгерде сизди кайсы бир партияга добуш беришиңизди талап кылып, коркутуулар болсо, коркпоңуз. Андай эч качан болбойт. Добушуңузду сатпаңыз. Жүрөгүңүз менен добуш бериңиз” деген чакырык ташташты.

Кыргызстандын жаштары ушундай чакырыктар менен чыгып жаткандан кийин ар бирибиз шайлоодо келечекке кайдыгер карабай, жүрөгүбүз менен берели.

Айбат гезити №148 (02.10.2015)




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru