Айбат » “Кыргызстан жаштар федерациясы” саясый кыймылы: “Добушубузду сатпайлы”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » “Кыргызстан жаштар федерациясы” саясый кыймылы: “Добушубузду сатпайлы”

шайлооПарламенттик шайлоо 4-октябрь күнү өтөт. Бул күн Кыргызстандын келечеги үчүн өтө маанилүү күн. Ошондуктан, кымындай акча үчүн келечегибизди сатуудан алыс бололу деген өңүттө, республикабыздын жаштары да коомчулукка кайрылды. Баарыбызга маалым болгон, бир канча саясий партиялардын добуш сатып алууга барып жатканы тууралуу маалыматтар бир канча маалымат булактарына жарыяланган эле. Дал ушул фактынын негизинде “Кыргызстан жаштар федерациясы” саясый кыймылынын мүчөлөрү да борбор калаабызда атайын маалымат жыйынын өткөрүп, элибизди добушун сатпоого үндөдү. “Биз Кыргызстандын элине кайрылабыз. 4-октябрь күнү өтө турган парламенттик шайлоо Кыргызстандын эртеңки келечеги үчүн өтө маанилүү экендигин, андыктан ар бир кыргызстандык акча үчүн эмес, жүрөгү менен ишенген партияга гана добушун бериши керек”, – дейт аталган кыймылдын лидери Максат Темирбаев.

Анын сөзүнө караганда бул саясий кыймыл мыйзамга дал келбеген үгүт иштерин байкап турмакчы. “Студенттерге, окуу жайдын жетекчилери тараптан басым жасоо болуп жатат. Баарыбыз шайлоонун таза өтүшүнө ишенгибиз келет”, – дейт ал.

Дал ушул саясий кыймылдын координатору Айбек Теңизбаев шайлоочуларды добушун сатпоого үндөп, эгер биз добушубузду сатсак, эртең бизди сатаары аштан бышык, азыркы үгүт иштерине миллиондорду чачкан талапкерлер эртең эле кайра ашыгы менен чогултуп алаарын билдирди. Ошону менен бирге саясий кыймылдын курамы «Сиздерди бул партияга добуш бергиле деп коркутуулар болсо, коркпоңуздар. Андай терс көрүнүш эч убакта болбойт. Өз добушуңузду сатпаңыз жана жүрөгүңүз менен тандап добуш бериңиз» деген чакырык таштады.

Айбат гезити №148 (02.10.2015)




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru