Айбат » Эл акчалууларга, убада бергичтерге эмес, реалдуулукта иштеп аткан партияларга ишеним артууда…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Эл акчалууларга, убада бергичтерге эмес, реалдуулукта иштеп аткан партияларга ишеним артууда…

Дүйшөн Ирсалиев Кочкор районунун Теңдик айылында 2

Парламенттик шайлоого карата үгүт иштеринин аяктаарына болгону эки гана күн калды. Сентябрь айынын төртүнчү числосунан тарта бүгүнкү күнгө чейин парламентке аттанган партиялар элдин көңүлүн өздөрүнө буруу үчүн эмнелерди гана жасашпады? Беш жыл бою бир да жолу буту басып барбаган алыскы айылдарга чейин барышып, өздөрү гана барбастан ырчы-чоорчуларды коштотуп алышып, элге бекер концерт да тартуулашты. Айрым аймактарда бекер тамак да берилди. Бекер концерттерге элди акча менен алып келген окуялар да орун алды. Айтор, көпчүлүк партиялар дагы деле эски ыкмаларды пайдалануу менен парламентке барууну көздөп турушту. Ошол эле учурда кыргыз өкмөтү, Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы шайлоону таза өткөрүүгө болгон аракеттерин жумшоодо. Бул шайлоонун артыкчылыгы шайлоочулар биометрикалык каттоодон өтүү менен гана добуш бере ала тургандыгында. Мындай жагдайда бир эле адамдын бир нече адамдын ордуна добуш берүү мүмкүнчүлүгү жоюлат. Демек мурдагы «карусель» ыкмасы өзүнөн өзү оюндан четтейт десек жаңылышпайбыз. БШКнын токтому менен добуш берүү кабинкасы жарым-жартылай ачык болуп, шайлоочу далысы жагынанучасткалык шайлоо комиссияларынын көз алдында болуп турат. Демек, бюллетенди фотоаппаратка, же телефонго тартып алуу мүмкүнчүлүгү да жокко чыгат. Баарынан дагы баса белгилеп кетүүчү жагдай бул жолу мурдагы бийликтегилердин тушундагыдай бийликте турган партияларга добушту көбүрөөк топтоо максатында административдик ресурс колдонулбайт. Мындайга мыйзам дагы жол бербейт. Бизге эки жолку революция сабак болду. Эми кайрадан эле мурдагы катачылыктарды кайталоого жол жок. Муну бүгүнкү бийлик да жакшы түшүнүп туру. Андыктан республикабыздын бардык региондорунда административдик ресурсту колдонууга катуу тыюу салынган. Албетте, айрым партиялар өздөрүнүн жек-жааттары аркылуу мындай ресурсту колдонууга аракет жасашууда. Бирок, бийликте турган партия мындай кадамга барган жок. Эгерде Акаев жана Бакиевдердин убагында оппозициялык маанайдагы партиялар, же саясатчылар коомдук канал аркылуу өздөрүн үгүттөө аракеттерин жетишээрлик жасай албай келишсе, бүгүнкү күндө андай эмес. Мисалы, КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековдун айтымында үгүт материалдарын телевидение аркылуу чагылдыруу жагынан алдыга «Өнүгүү-Прогресс» партиясы чыккан. Тагыраак айтсак аталган партиянын жарнамалык материалдары бардык партиялардын убактысынан ашып түшкөн. Ал эми бийликте турган партия катары саналган КСДП партиясы КТРК аркылуу берген жаранамаларынын мүнөтү жагынан 4-орунга гана чыккан. Мына ушунун өзү эле бийлик мурдагыдай кайсы бир партияга жан тартып жатпагандыгын тастыктайт. Ошондой эле чоң-чоң шаарлардагы борбордук стадиондордо да оппозициялык маанайдагы партиялар көбүрөөк жолугушууларды, концерттерди уюштурду. Эгерде мурдагыдай бир үй-бүлөнүн камчысын чапкан режим болгондо оппозициячыл партияларга мындай шарттар түзүлмөк эмес. Тилекке каршы канчалык таза шайлоо үчүн бардык шарттар түзүлгөн сайын айрым партиялар добуштарды сатып алуу аракетине өтүшүүдө. Алыскы айылдардын ар бир түтүнүн түрө кыдырып, ар бир шайлоочуга 2000-3000 сомдон таркатып атышкнадары тууралуу көп эле айтылууда. Ал эми айрым талапкерлер болсо эл менен жолугушуу учурларында ачык эле акчалай жардам көрсөтүүлөрдү жасап аткандары тууралуу ММК булактары жазып чыкты. Маселен, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан талапкер Хүлкарпаша Сабированын кайсы бир жердеги жолугушуусунда мечитти оңдоого 300 доллар, ошол айылдагы үйүнүн чатырын оңдой албай аткан жаранга 500 доллар, трансформатор үчүн  дагы өзүнчө акча накталай санап бергенин ошол эле айылдын тургундары айтып беришти. «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» партиясынан Нарынбек Молдобаев Нарын районундагы жолугушуусунда да балдар бакчасынын тарбиячыларына, мектеп мугалимдерине акчалай жардам көрсөткөнү тууралуу жазылды. Мындай көрүнүштөрдү кандай бааласак болот? Эгерде аттары аталган талапкерлер элге ошончолук эле акчалай жардам бергиси келсе, анда аны шайлоо өткөндөн кийин деле жасай берсе болмок. Шайлоонун алдында эптеп добуш топтоо үчүн жардам көрсөтүү Кудайга да жакпаган иш. Мына ушундай жол менен партиясынын кадыр-баркын көтөрбөй, тескерисинче түшүрүп, элдин ишениминен чыгарып атканын өздөрү түшүнүп атышты болду бекен? Азыр элибиз бүгүнкү күн менен эмес, Кыргызстандын эртеңки келечеги үчүн кам көрүп жашап калган. Андыктан алдыдагы шайлоодо акчалуу, анан дагы убада бергич партияларды эмес, буга чейин өлкөбүз үчүн олуттуу салымын кошкон, ири долбоорлордун жүзөгө ашуусуна жардамдашкан партияларга гана терең ишеним артып отурат. Андай партиялардын көч башында КСДП турат. Демек биз туура жолдо баратабыз. Ал эми туура жолдон акчанын күчү менен чыгарууну көздөгөндөргө «жок» дей турган учур келди…

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №148 (02.10.2015)



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru