Айбат » Атыркүл Шаршенова, көзү ачык: “негизги күрөш төрт, беш партиянын ичинде гана жүрөт”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Атыркүл Шаршенова, көзү ачык: “негизги күрөш төрт, беш партиянын ичинде гана жүрөт”

01Алдыдагы парламенттик шайлоого саналуу гана күндөр калды. Андыктан үгүт иштери аяктап, шайлоого ат салышып жаткан  партиялар жыйынтыгы кандай болоор экен деп тынчсызданып жаткан учур. Биз дагы кызыгуу артуу менен жыйырма жылдан бери келечекти алдын ала билген, айткандары төп келген көзү ачык Атыркүл Шаршенова эжеге кайрылдык. Ал бизге төмөнкүлөрдү айтып берди.

- Алдыда парламенттик шайлоо болгону турат. Кандай жыйынтык болушу мүмкүн?

– Буюрса алдыдагы 4-октябрда өтө турчу шайлоо негизинен тынчтык жолу менен эле өтөт. Азыр көптөгөн партия көп мандат алууга далбас уруп, бүйүрлөрү кызып турган убак. Төлгө ташым көрсөткөндөй  канткен менен негизги күрөш төрт, беш партиянын ичинде гана жүрөт. Айрым партиялардын арасында ич ара келишпестиктер да болуп жатат. Булар көбүнчө эки партиялар биригип шайлоого аттангандар арасында. Булардын ортосунда кандайдыр бир пикир келишпестиктер жаралууда. Бириккен  партиялар көпкө узабайт көрүнөт.  Ортодо бир ажырым турат.

- Кайсы партиялар алдыга озуп чыгат, алдыңкы  үчөөнү санап бере аласызбы?

– Мен мына ушул партиялар деп так көрсөтүп айта албайм. Бирок эмнегедир төлгө ташым дароо эле жети деген ыйык санга түшүп жатат. Элдин курчаган элестери көрүнүп Манас атабыздын жети осуяты жаңырып жаткандай. КСДП өздөрү күткөндөн да көп элдин колдоосуна татышы ыктымал. Анткени азыркы ажобузга калың эл ишеним артып келечекте да көптөгөн үмүттөр артууда. Алдыдагы суурулуп чыккан төрт беш партиянын арасында бийликти, мансапты көксөгөндөр да жок эмес, бирок ошол эле учурда кыргыз эли үчүн күйүп кызмат кылабыз деген жаштар да бар. Алдыда кыргыз мамлекетибизди бир топ өзгөрүүлөр күтүп турат.

– Шайлоонун жыйынтыгынан кийин чыр-чатактар чыгып кетиши мүмкүн эмеспи?

– Чыр чатакты көздөгөндөр бар. Бирок, алардын ою ишке ашпайт. Кандай аракеттерди көрүшпөсүн шайлоо мыйзам түрүндө эле өтөт. Анчалык деле элди дүрбөлөңгө салган кооптонуулар болбойт деп айта алам. Көпчүлүк партиялардын талапкерлери  өздөрү эңсеген мандатка ээ боло албай калышат. Бул чакырылыштагы депутаттар буга чейинки парламентке караганда элдин ишенимин актап, мамлекетибиз үчүн чоң өзгөрүүлөрдү алып келет. Кыргыз экономикасы кыска убакыттын ичинде болуп көрбөгөндөй алдыга чыгышы мүмкүн. Өлкөбүздө стабилдүүлүк орнойт.

– Сиз өзүңүз шайлоого катышып жаткан он төрт партиянын арасынан кыргыз элине кызмат кыла турган деп кайсы партияны көрсөтө аласыз?

– Албетте, бул партиялардын арасында мамлекетибиз үчүн күйүп, кызмат кыла турган инсандар бар. Мен да ошолорду колдоп,  жарандык укугумду пайдаланып өз добушумду татыктууларга берем. Мен сыйлап кадырлаган инсан катары Дастан Бекешовдун ишмердигин жогору баалайм. Анткени бул инсандын интеллектуалдуулугу жогору, карапайым элдерге да көптөгөн жардамын берип жүргөнүнө күбө болуудабыз. Кыргыз элиме кайрылып айтаарым балдарыңардын келечегин арзыбаган акчага сатпастан, татыктуу инсандарды колдоп ошолорго добушуңарды бергиле деп кошумчалап кетким келет.

Айбат гезити №148 (02.10.2015)



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru