Айбат » “Азаттык” акыйкаттан тайып, кайсы бир партиянын кызыкчылыгына иштөөдө

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » “Азаттык” акыйкаттан тайып, кайсы бир партиянын кызыкчылыгына иштөөдө

АзаттыкАКШ каржылаган “Азаттык” үналгысынын кыргыз демократиясына кошкон салымы ат көтөргүс экенин эч ким тана албайт. Маалыматты ачык, так, бейтараптуу чагылдырып келген бул радио акыркы кездери тескери кетти. Айрыкча, “Азаттыктын” Бишкектеги бюросуна Өмүрбек Бабанов өкмөттү башкарып турганда анын пресс-катчысы кызматын аркалаган Султан Калназаров келгенден тарта радио бир тараптуулукка жол берип, бир партиянын камчысын гана чаап калды. Муну биз эле эмес коомчулук да айтууда.

Мындан сырткары, радиодо эмгектенген айрым журналисттер кайсы бир партиянын арыгын чаап, ошолордун кызматын кылууда. Мисалы, Айданбек Акматов деген кабарчы “Ата Мекен” партиясы жана “Азаттык” партиясынын лидери Исмаил Исаков менен жакшы мамиледе жана аларга  жакпаган тарапты гана каралаган материал даярдоо менен алектенип калды. Дал ушул Айданбек мырза өлкөдө курулуп жаткан энергетикалык долбоорлорду негизсиз айыптап, кыргыз-орус мамилесине шек келтире турган берүү даярдаптыр. Анда жалаң гана кемчилик, бир тараптуу каралоо орун алган. Бирок, Акматов сыяктуу журналисттер өз милдетин аткарууда кайсы бир күчтөрдүн буйругун аткарууну токтотушу керек.

Чындыгында акыркы жылдары Кыргызстанда бир катар ири энергетикалык долбоорлор демилгеленип, айрымдары ишке да ашты. “Датка-Кемин” электр чубалгыларынын тартылышы Кыргызстанды энергетикалык көз карандысыздыкка жеткирип, миллиондогон долларды үнөмдөгөн курулуш болуп калды. Мындан сырткары, Кара-Кечеде көмүрдөн электр өндүргөн ишкана куруу аракети башталып, Бишкек ТЭЦин реконструкциялоо иши жүрүп жатат. Кыскасы, өлкөнүн энергетика тармагында кылымга тете курулуштар ишке ашууда. Айданбек Акматов сыяктуулар ушундай иштерди да көрө билип, “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесинин директору атактуу радионун атын булгабаса. Бабановго кызмат кылгысы келип жатса “Республика Ата Журт” партиясынын штабына эле барып иштөөнү сунуштайт элек. Бул боюнча жакынкы күндөрү Прагадагы жетекчилик да тиешелүү чечим чыгарат деп үмүттөнөбүз. Анткени алар деле муну сезди да…

Айбат гезити №148 (02.10.2015)




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru