Айбат » Игорь Шестяков: “КТРКнын рекламалык багыттагы репортажды алып салганын колдоймун”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Игорь Шестяков: “КТРКнын рекламалык багыттагы репортажды алып салганын колдоймун”

Игорь ШестяковМен КТРКнын жасап жаткан иштерин толук колдойм. Анткени алар үгүт иштерин чагылдырган баардык атайын чыгарылыштарды четке какты. Мындай оюн медиа эксперт Игорь Шестяков маалымат каражаттарынын бирине билдирди.

Өз сөзүндө Шестяков Улуттук теле канал шайлоо учурунда эч убакта партиялардын үгүт иштерин чагылдырбашы керек. Анткени “кара пиар” эч убакта партияга кадыр-барк алып келбейт. Андан сырткары ал КТРК эч убакта бир тараптуу көз карашты билдирбеши керектигин айтты. “Каналды өздөрүнүн туруктуу чындыгы болгондо гана эл сүйүп көрөт. Мунун баарын теле дебат теле долбоору тастыктады. Бийликтин партиялары жана башка партияларга карата журналисттер тарабынан бирдей мамиле жасалды”, – дейт ал.

Ошондой эле медиа эксперт Коомдук канал биринчи кезекте жарандардын укугун эске алып иш жүргүзүүсү зарылдыгын айтат. “Коомдук канал биринчи кезекте жарандардын укугун эске алып иш жүргүзүүсү керек. Партиялардын көбү кантип шайлоодон көп добуш алууну гана ойлошуп жатат. Алар кантип  мамлекеттин ишмердүүлүгүн алдыга жылдырууну ойлошкон жок. КТРК эмне үчүн үгүт иштерин чагылдырган атайын чыгарылыштарды эфирден алып салды. Анын бирден бир себеби “кара пиардын” таасиринен болду”, – дейт Игорь Шестяков.

Андан сырткары эксперт Коомдук каналдын юристтеринин жана БШКнын ишмердүүлүгүндө үгүт иштеринин КТРК аркылуу ар кандай багытта маалыматтардын чагылдырылышы алардын иштерин татаалдантып салганын айтууда. “Анткени партиялардын бири-бирине карата ар кандай шылдыңдоолору, акаарат сөздөрү шайлоочуларга терс таасир берип жатат. Анын баарын биз ушул учурга чейин эфирден берилип жаткан үгүт иштеринде толук байкадык”, – деди ал.

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №148 (02.10.2015)




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru