Айбат » Чынара Эсенгулова, саясат таанучу: “Парламенттик шайлоонун таза өтүшүнө бардык шарттар түзүлдү”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Чынара Эсенгулова, саясат таанучу: “Парламенттик шайлоонун таза өтүшүнө бардык шарттар түзүлдү”

Чинара Эсенгул- Шайлоо күнүнө да саналуу күндөр калды. Мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чаралар,  БШКнын таза шайлоого карата жасап жаткан иш-аракеттери мыйзамдуу таза шайлоону камсыздап берет деп ишенесизби?

– Мамлекеттик бийлик тарабынан таза шайлоого карата жасалып аткан аракеттерди жакшы деп баалоого болот. Шайлоо буга чейинки шайлоолорго караганда таза өтөт деп күтүлүүдө. Анткени анын бир канча критерийлери бар. Маселен, административдик ресурс мурдагыдай колдонулбайт. Экинчиден БШК өзүнүн токтому менен добуштарды сатып алууга түзүлгөн бардык кырдаалдарды жүзөгө ашпай тургандай иштерди жасады. Шайлоо күнү БШКга тиешелүү мыйзам бузуулар көп болбойт деп ойлоп жатам. Көбүнчө Мамлекеттик каттоо кызматына тиешелүү маселелер пайда болушу мүмкүн. Анткени биометрикалык каттоону такташ керек болот. Бирөөнүн катталган жеринде тизмеден чыкпай калышы мүмкүн. Ошол сыяктуу эле иштер болбосо , шайлоо таза өтөт деген ишенимибиз бар.

- Шайлоонун жыйынтыгы кандай болот деп ишенип жатасыз, кайсыл партиялар алдыга озуп чыгат?

– Негизи менин көз карашымда, партиялар аябай шайлоого даярданышкан экен. Аны элге көрсөтүштү. Убаданын баарын беришти, эми аткаруучу убакыт келди. Биринчи орунга кайсыл партия келери туураалуу мен эле эмес, баардык эксперттер, коомдук ишмерлер айтышып жатат: “КСДП партиясы чыгат” деп. Алар буга чейин күтүлгөндөй президенттин ачык колдоосун алышпады. Президент калыстык менен баарына бирдей мамиле жасады. КСДП партиясы өздөрүн жакшы көрсөтүп, улуттук стратегиялык чоң маанидеги долбоорлор менен иштеп, шаарлардагы, аймактык бөлүктөрдө элдин колдоосуна жакшы ээ болуп калды деп айтсак болот. Экинчи орунга “Республика Ата –Журт” партиясы чыгышы күтүлүүдө. Анткени бул партиянын курамында акчалуу бизнесмендер бар, акчаны да жакшы эле үгүт иштеринде колдонушту. Андан сырткары эл арасында Өмүрбек мырзанын кадыры бар. Эл бул партияга да жакшы колдоо көрсөтөт деп күтөм.. Жеке пикиримде бул партия экинчи орунга чыгат.

Айбат гезити №148 (02.10.2015)



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru