Айбат » Жумакадыр Акенеев, экономист: “Буйруса шайлоо буга чейинкилерине караганда эң эле маданияттуу болот деп күтүлүүдө”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Жумакадыр Акенеев, экономист: “Буйруса шайлоо буга чейинкилерине караганда эң эле маданияттуу болот деп күтүлүүдө”

Жумакадыр Акенеев-  Жумакадыр мырза, Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттарын шайлоо күнүнө саналуу гана күндөр калды. Бул шайлоодо сиздин жеке оюңузча карапайым калктын тандоосуна бийлик тараптан эч кандай чектөөлөр болгон жокпу?

– Бул жолу буйруса шайлоо буга чейинкилерине караганда эң эле маданияттуу болот деп күтүлүүдө. Анткени элдин шайлоо боюнча бир топ көз карашы калыптанып калды. Парламентке ат салышып жаткан партияларлын арасында 7 партия барышы мүмкүн болуп жатат. Мен ал партия же бул партия деп айтпай эле коёюн. Аз калды баарыбыз чогуу күбө болобуз жакында.

- Айрым партиялар добушту көбүрөөк алуу үчүн шайлоочуларды акчага да сатып алууга аракет кылып атышат. Мындай жагдай ал партияларга абийир алып келеби?

– Мурдагы шайлоолордон калган бир гана ушул кесепетти байкап жатабыз. Мындай сунуштарды элге берип жатышыптыр. Азыр партиялар Жогорку Кенешке барышы үчүн ар кандай аракеттерге барышат. Кадыры бар айрым партиялар акча ресурсун да колдонушу мүмкүн болуп жатат. Ага эл дагы көнүп калган. Кайсыл партия канча сомдон таштайт экен деп да айтышып калат. Аны баары бир партиялар колдонот. Бирок, андай партиялар парламентке өткөнү менен берген убалардын бирин да аткарбай коет. Мына ушуну эске алуубуз кажет.

- Жеке сиз өзүңүз шайлоодо партиялардын капчыгына карайсызбы, же жасаган ишинеби?

– Алардын айрымдары гана өз милдеттерин аткарып келе жаткан болсо, айрымдары убада берүүдөн башка улуттук маанидеги долбоор да сунуштай алышпады. Айрым партиялар мамлекеттик маанидеги чоң аткара албай турган максаттарын айтып, популисттик көз карашта өз ойлорунда каалгып учууда. Бул партия ал максаттарды аткарышы үчүн мамлекет болушу керек. Алар эч убакта элге берген убадасын аткара албайт…

Айбат гезити №148 (02.10.2015)



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru