Айбат » Саясаттан – симфонияга: Таланттуу Президенттер

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Саясаттан – симфонияга: Таланттуу Президенттер

Президент десе эле баарыбыз костюм шым кийген, галстук тагынган, журт башкарган адамды элестетебиз. Ооба, Президент дал ошондой мамлекетти башкарган инсан. Бирок, ал деле бизге окшош адам. Биз демалган аба менен ал деле демалат. Бул жолу дүйнөгө атагы чыккан Президенттердин саясий ишмердүүлүгү эмес, алардын жөндөмү жана катылып жаткан таланттары туурасында сөз кылгыбыз келди.

 

Алмазбек АтамбаевКотормочу, гитарачы жана ырчы Атамбаев

А дегенде эле өзүбүздүн Ажобуз Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин көмүскөдөгү таланты туурасында кепти баштасак. Алмазбек мырза менен чогуу өскөн замандаштары, достору анын гитарада мыкты ойноп, жакшы ырдаарын айтып калышат. Атамбаевдин адабиятка болгон кызыгуусу анын Жазуучулар союзунунада бий фондун жетектеген кызматка чейин алып барган. Ал көркөм адабияттарды мыкты которгон котормочу да болгон.

 

Владимир ПутинПутин роялда мыкты ойнойт

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин ар тараптуу инсан. Мыкты гана саясатчы болбостон, ал бардык жактан өзүн мыкты жагынан көрсөтүп жүрөт. Спорттун кышкы түрү лыжа, коньки дегенди мыкты тепкени, күрөш искусствосун мыкты өнүктүргөнү башка саясатчыларга үлгү болот. Путин Каратэ боюнча кара курдун ээси. Хоккейди да мыкты ойнойт. Эми чыгармачылыгы туурасын да сөз кыла турган болсок, Путин роялда ойнойт жана ырдайт. Үнү жакшы болбосо да майрамдык кечелерде, салтанаттарда элди таң калтырып ырдап жүрөт.

 

Түркмөнстандын Президенти ыр жазып ага обон чыгарат жана мыкты чабандес

Түркмөнстандын Президенди Гурбангулы Бердымухамедов да чыгармачыл инсан. Ал композитор жана акын анандагы гитара, аккордеондо мыкты ойнойт. 54 жаш мааракесин белгилеген телешоуда коноктор Президенттин «Бул розалар менден сага» деген ырынын клибине күбө болушту. 3500 адам бата турган концерттик залдагы Президентти куттуктап келген коноктор клипти көрүшүп тура калып кол чабышты. Гурбангулы Бердымухамедов ал ырдын сөзүн жана обонун өзү жазып, өзү гитарада ойноп ырдады. Чыгармачылыгы артып жаткан Бердымухамедовдун чыгарган ырлары уккулуктуу. Кечээ жакында Түркмөнстанда болгон фестивалда биздин Нурайым Азыкбаева дал ушул Гурбангулы Бердымухамедовдун махабат туурасындагы ырын жеткиликтүү, уккулуктуу кылып аткарганы үчүн Нурайым Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун колунан бриллиант ташы менен кооздолгон алтын медаль алды. Белгилей кетсек, Нурайым аткарган ырдын текстин жана обонун Түркмөнстандын Президенти жазган. Бердымухамедовдун өнөрлөрү толтура. Ал атты мыкты чаптырган чабандес. Түркмөнстандагы ат чабыш күнүндө уюшулган ат чабышта Бердымухамедов суранып 3 номурда чыгып, анын Беркарар аты биринчиликти багындырган. Албетте ат чабышта аттын гана эмес аттын үстүндө отурган чабандестин да ролу чоң. Гурбангулы мырза мыкты чабандес экенин көрсөтүп, биринчи келип 11 миллион доллар утуп алып, ал байгесин ат спортун өнүктүрүүгө берген.

 

Нурсултан НазарбаевЫрчы Назарбаев

Коңшубуз Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев сыртынан абдан катуу, мүнөзү курч, талапты катуу койгон Президент. Бирок, Нурсултан Назарбаев дагы чыгармачылыкка жакын десек жаңылышпайбыз. Себеби, кээ бирде илхому кармап кеткенде же маанайы жакшы болуп турганда казактардын улуттук аспабы болгон домбраны кармап ырдап калат. Эл башы Назарбаев ырдап, домбра гана чертип тим болбостон, кээ бир убактарда ыр жазып иймейи да бар.

 

Билл КлинтонСаксофончу – Билл Клинтон

Америка Кошмо Штаттарынын мурдагы Президенти Билл Клинтон мектептеги кезинен эле саксофондо мыкты ойночу. Ошондо эле музыкант болууну самачу. Жаштык кези жалаң саксофондо ойноп, джаз ансамблинде өткөн. Мамлекеттик музыкалык колледжде эң мыкты саксофончу аталып калган. Бирок, анын тагдыры музыкага эмес саясатка бурулуп кетти. Ошентсе да саксофонго болгон сүйүүсү аны менен чогуу калган. Себеби, 1993-жылы Америка Кошмо Штаттарынын Президенти болуп шайланып, өзүнүн инаугурациясында саксофондо ойноп берип шайлоочуларын бир жагынан таң калдыртса, экинчи жагынан кубандырган.

 

Президент, жазуучу, миллионер Обама

Америка Кошмо Штатарынын азыркы Президенти Барак Обама бардык жактан таланттуу инсан. Анын бирден бир таланты элди ишендирүү болсо, көмүскөдө ал мыкты бийчи. Көчө бийлерин мыкты бийлеген Президент. Анан акча тапкан жагынан да Обама алдыга эчкимди салдырбайт. Анын жазган 2 китебинен түшкөн миллиондогон долларларды студенттердин билиминин өсүүсүнө жумшап келет. Айрыкча анын «Атамдык кыялы» китеби АКШдагы эңпопулярдуу 8 китептин катарынан орун алды.

 

Колунан фотоаппараты түшпөгөн сүрөтчү Медведев

Россия Федерациясынын экс-Президенти Дмитрий Медведев болсо сүрөт жагына көп ыктайт. Анын тарткан Canon фирмасынын фотоаппараты эң кымбат фотоаппарат жана ал тарткан сүрөт дүйнөдөгү эң кымбат сүрөт болгон. Медведевдин тарткан сүрөтүн аукциондо 51 миң рубльга сатылып, АКШнын мыкты делген сүрөтчүсү Ричард Принсжана Эдвард Штайхендин жана Андреас Гурскинин бестселлер сүрөттөрүнөн кийинки эле 4-орундагы кымбат сүрөт Медведевдики болду.

 

Елизавета IIИт жана ат таптаган Елизавета II

Англиянынын канышасы Елизавета II көп кырдуу таланттын ээси. Өзү негизинен саякаттаганды сүйгөн каныша яхтасы менен дүйнө жүзүн кыдырып чыккан. Аял киши ашканага жакын болсо, ал тандап ат мингенге абдан жакын. Шаардын четиндеги ат кармаган жайында өзүнө тиешелүү 25 асыл тукум аты бар. Алардын ар биринин мүнөзүнө жараша мамиле кылган каныша, аларды минип сейилдегенден ырахат алат. Өзү эркектин иштерине жакын каныша ат чаптыргандан сырткары иттерди машыктырат. Ал негизинен кичинекей породадагы иттерге чукул. Корги, кокер-спаниель, спингер-спаниель жана ондогон лабрадорлорду машыктырып, иттердин көргөзмөсүндө мыкты наамдарды алып келет.

Самара Саламатова

Айбат гезити №148 (02.10.2015)



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru