Айбат » Карыпбек Алымкулов, эксперт: Кыргызстанда ГЭСтер көп курулса, Өзбекстанга кайра жакшы болот

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Энергетика » Карыпбек Алымкулов, эксперт: Кыргызстанда ГЭСтер көп курулса, Өзбекстанга кайра жакшы болот

Карыпбек АлымкуловКыргызстанда ГЭСтердин курулушу кошуна Өзбекстан менен Казакстанга эч кандай коркунуч жаратпайт жана суу тартыштыгын пайда кылбайт. Кайра жайындагы сугат маалында керектүү өлчөмдө суу берип, жакшы шарт түзүшү мүмкүн. Ал эми Өзбекстандын биздин өлкөдө курулуп жаткан ГЭСтерге каршылык билдирип, БУУ баш болгон ар кандай эл аралык уюмдар менен каржы институттарынын көңүлүн буруу аракети Кыргызстан менен Тажикстандын жөн гана энергетикалык көзкарандысыздыкка ээ болуусун каалабагандык. Мындай пикирин “Кабар” агенттигине техника илимдеринин кандидаты, профессор, “Электр станциялар” ААКнын директорлор кеңешинин мүчөсү, энергетика маселеси боюнча эксперт Карыпбек Алымкулов билдирди.

“Кечээ Нью-Йоркто өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясында Өзбекстандын өкүлү Кыргызстанда курулуп жаткан Камбар-Ата жана Тажикстандагы Рогун ГЭСтеринин курулушуна каршы пикирин билдириптир. Ал өз сөзүндө бул эки өлкөдөгү курулуп жаткан ГЭСтер Борбор Азиядагы Амударья менен Сырдарьянын табигый агымын өзгөртүп, Арал деңизинин соолуп калгандыгын айтыптыр. Мындай божомол чындыкка дал келбейт. Анткени, Арал дал ошол Өзбекстан өзү жылына 5 миллион тонна пахта өндүрөбүз деп, Нарын дарыясынан агып, Сырдарьяны түзгөн сууну буруп алуунун кесепетинен соолуган. Эми бул деңиз эч качан толбойт. Ал үчүн Өзбекстан менен Казакстан бир нече жыл пахта экпей, бир тамчы да сууну буруп албаш керек. Чындыгында бизде курулуп жаткан ГЭСтер Өзбекстанга эч кандай коркунуч жаратпайт. Кайра сугат маалында жакшы шарт түзүп берет. Анткени, кышында ГЭСтерибизге суу толуп, аларга керектүү өлчөмдө берүүгө болот. Бир чети кошуналар 24 жылдын аралыгында көптөгөн суу сактагычтарды салып алып, кышы боюу бизден агып чыккан сууну толтуруп алып, жайында көзкаранды болбой калат. Эми биз кышында ашыкча суу чыгарбай койсок, ошол суу сактагычтары толбой калышы мүмкүн. Ошондуктан, Өзбекстан өткөн жылдары кычыраган кышта түштүк аймагыбызга газды бууп койбой, энергетикалык шакекчеден чыгабыз деп коркутпай, туура саясат жүргүзүш керек болчу. Андыктан, биз алардын сөзүнө кулак салбай, ГЭСтерди кура беришибиз керек. Ансыз деле 95 суубуз аларга агып кетип жатат”,- деди ал.

Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов, Нью-Йорктогу саммитте Борбор Азиядагы ири ГЭСтердин курулушуна каршы экендигин билдирген болчу. Анда Өзбекстандын өкүлү, “Экологиялык коопсуздукту эске алганда, Борбор Азияда курулуп жаткан ири ГЭСтер Амударья менен Сырдарьянын табигый агымын өзгөртөт”,-деген пикирин билдирген.Ошондой эле, “Кыргызстан менен Тажикстан курган ири ГЭСтердин айынан дарыялардын агымы өзгөрүп, Арал деңизинин абалы өтө оор. Муну менен катар миллиондогон адамдардын суу менен камсыз болуусу да тобокелге салынууда.”-деп кошумчалаган.

Айбат гезити №148 (02.10.2015)




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru