Айбат » М.Аскарбеков: Кыргызстандын аймагындагы кытай жарандарынын саны 300 миңден ашуун

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » М.Аскарбеков: Кыргызстандын аймагындагы кытай жарандарынын саны 300 миңден ашуун

кытай

Өлкө жаштары жумуш таба албай кыйынчылык тартып турган кезде бийлик башчылары 2012-жылы 12-13 миң чет өлкөлүк жарандарга жумуш орундарын берген. Өлкөдө миграция саясаты жокко эсе. Мындай пикирин «Эркин эл» саясий партиясынын жетекчиси Мавлян Аскарбеков Ош шаарында маалымат жыйында билдирди, деп маалымдады «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы.

Анын айтымында, бул 12-13 миң жаран бизнесмен же инвесторлор эмес, алар кирпич заводдорунда жана башка соода-сатыкта иштеген жөнөкөй жумушчулар.

«Бийлик башчылары жаштарга каршы ушундай саясат жүргүзүп жатышат. Элет жаштары жумушсуздуктун айынан Казакстан, Орусия жана башка аймактарда кыйынчылык тартып, иштеп жүрүшөт. Расмий эмес маалыматтарга таянсак, Кыргызстандын аймагындагы кытай жарандарынын саны 300 миңден ашуун. Биз Ош шаарында мыйзамсыз мигранттарды аныктоо боюнча рейд өткөрдүк. Рейд учурунда иш жүргүзүп келген кытай жарандарынын Ош шаарында да көп экендиги маалым болду», – дейт М.Аскарбеков.

Ал мыйзамсыз иштеп келе жаткан чет өлкөлүк жарандар тарабынан канчалаган кылмыш иштери катталып жаткандыгын айтып, негизги максаттары коомчулуктун көңүлүн миграция маселесинин орчундуу көйгөйлөрүнө буруу экендигин билдирди.

Ал белгилегендей, 2012-жылы Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан 101 миң чет өлкөлүк жаранга документтер берилген.

Ош шаардык Жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Сонунбек Жунусбаев билдиргендей, 2013-жылы Өзгөндө кытай жарандары менен кыргыз жарандарынын ортосунда чыккан чыр-чатак кайталанбайт деп ким кепилдик бере алат. «Миграция маселеси орчундуу маселелердин бири. Ошондуктан бул маселеге кайдыгер карабоо керек», – дейт ал.

Ошондой эле, «Жаңы муундун коалициясы» коомдук бирикмесинин төрагасы Тимур Саралаевдин айтымында. 101 миң жарандын 13 миңине өлкө аймагында иштөө үчүн уруксат кагазы берилген. «Анда 87 миң жаран Кыргызстанда эмне иш менен алектенип жатат. Акыркы мезгилдерде чет өлкөлүк жарандардын катыштыгы менен өлкө аймагында кыз зордуктаган, жарандарга зомбулук көрсөткөн кылмыш фактылары катталууда. Кылмыш жасаган чет өлкөлүк жарандарды соттор пара алып кое берип жатышат», – деп кошумчалады ал.

Булак : Баракелде


Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru