Айбат » Жарыгы өчкөн жалгыз там

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Жарыгы өчкөн жалгыз там

Кемпир, чалдын түшүндө дайыма неберелери кирчү болду. Сагынышты го. Жайкысын балдары  салып берген жаңы тамдын алдындагы середе, кышкысын жылуу мештин түбүндө жатып түнү менен үшкүрүнө беришет кемпир чал. А неберелери болсо жылт эткен оттуу метеориттердей  жыл маалында бир жолу жарк этип көрүнүп кетип калышат.

жалгыз там

Кемпир  чалдын түшүнө дайыма неберелери кирет. “жаңы жылда айылда болобуз” деп балдарынан кат келгенден бери түн уйкусунан безип калышты. Күн  батпайт да таң атпайт.

Эртең жаңы жыл. Түндө кар бир кыйла жаап салыптыр. Нурмат чал таң сөгүлө электе туруп элеңдеп эшигин күрөдү, малга чөп салар жерди кардан арылтты. Кайра келип эшиктин додолонгон карын үймөктөп арыраак жылдырды. Үймөктөлгөн кар киши бою болуп калганына сүйүнүп коет. Балдары кичине кездеринде ушундай үймөк кардын ичин оюп үй жасап ойногонду жакшы көрүшчү. Ошону эстеди.

Эми алар чоңоюп кетишти. Өздөрүнчө үйлүү-жайлуу.

Мейли , неберелери ойнойт да.

Нурмат чал уюй түшкөн белин колу менен сүйөй өйдө боло автобус токтоочу жерди карап койду. Балким биринчи автобус  менен келип калышат. Үйдө эки күн да толук болушпайт. Неберелери менен сагынычы жазылсын десе эрте келишер. Ай  ким билет.  Шаардыктар убактысы менен уктап,  убактысы менен турганды жакшы көрүшөт дейт го. Ошондо деле бир күндүк намаздары бузулса эч болуп кетпес.  Ай ким билет. Иши кылып  жамандарды ала келсе болду, мурундарын быйпыйтып. “Сууктан корктук” деп шопоюп өздөрү жетип келмейи да бар.

Наркы жылы майда келди эле. Мына, ал жылдан жети ай, бул жылдан он эки ай. Оо-уу итапкан эле болуп кеткен экен…. Келинибиз  ушунча тың чыгып калдыбы. Ай ким билет. Келген  сайын төгүлүп-чачылып колуна тийгенин кармай келет, ата, апа деп жан-алы калбайт. Ушу балам жөн чыгып жүрбөсүн. Ушунча саргайтпай балдарын бир көрсөтүп кетсе боло. Ай жаманым ай, жаманым. Нурмат чал автобус токтоочу жерди дагы карап койду. Жол билинбей калыптыр, мелмилдеп кар басып. Чынын айтканда ал огороддун ортосу менен өтчү жолдон чанда каттайт киши. Автобус менен келип кетчү киши аз. Коңшу-колоңдор огороддун тиги чети менен катташат. Мал да ошону менен айдалат сууга. Ал жол автобус токтой турган жолдон бир топ буруу.

Жолдун көзү толуп калганын көрүп чыдай алган жок Нурмат чал. Башка убак болсо кол шилтеп коймок. А түгүл байкамак да эмес. Бүгүн анте албайт. Бүгүн кемпир  кемпир, чал үчүн башкача күн. Улуу күн. Өзүнө окшош бүтүк көз  неберелерин көрөрүн, кучактап өбөрүн эстесе, каак эткен карга жок ээн талаадан эл кым-куут базарга туш келгендей жарпы жазыла түшүп жатат. Жашара түшүп жатат Нурмат чал.

Бая эле чалы менен кошо туруп, эбелеңдеп эшикке кирип-чыгып жүргөн кемпирине буйдала түштү чалдын көзү.  “Жаныңды коерго жер таппай жатасың го, байкушум” деп койду ичинен күбүрөп. Тамдын дубалына жөлөмөк болгон күрөгүн колуна ала бурчтан күрөндү карды жырып, жолдун нугун болжолдоп тазалай баштады. Кемпири чалын бир саамга карап, бир деме демек болгондой оозун камдап баратып кайра айныгандай кирип кетти үйгө. Түшүндү окшойт чалынын мүдөөсүн.

Улам арылаган сайын мурда жаап, ката баштаган карды оодарыш кыйындап баратат. Анын үстүнө түндөгү кар да күрөккө жабышып жүдөтөт.  Улам оорлой берди жол ачыш. Улам күчөп баратты белинин сыздаганы, Нурмат чал ага караган жок. Алга жыла берди акырын болсо да. ал белинин сыздаганына да, тер көзүнө кирип ачыштырганына да, оозуна кирип кермек даамдантканына  да карган жок. Ич кийимдери көлшал болуп, терге чыланып калганын да элес албаганындай.  Карылык каражалткан денесин кайраты менен сүрөй берди. Анткени азыр дем алганы өйдө болсо, кайра эңкейе албасына көзү жетип турду.

Оорлогон карт денесине кыялды, күтүүнү сүйөө кылып кыбырай берди Нурмат чал. Неберелерин сүйөө, дем кылып жатты. Ошолордун кылыгын көрүүгө кумары арткан сайын жеңил сезип кетет өзүн. Бирок карылыктын зыл ташы уламдан улам борпоң карга ныгыра берди аны өйдө кылбай.

Неберелерим дегенде жанын да, малын да унутту Нурмат чал. Мал күнү чыгып калганына карабай короодо. Эрте  чыгып көнгөн мал эгесинин бүгүнкү жоругуна түшүнбөй чуулдап турушат камалган-камалган жеринде. Ага караган ким дейсиң. Жанын аябаган малын аяйбы Нурмат чал. Уккан да жок алардын чуулдаганын….

Кулагы гана даңылдайт. Чекесинеин эки жагын жээктеп кеткен күрөө тамырлары, колдорунун сыртындагы барсыйган кан тамырлар ого  бетер көөп чыкты көгөрүп. Абышкага колдорунун манжалары жооноюп барбая-барбая түшкөндөй сезилип кетти. Колу коргошундай оор тартып барат улам салмактанып. Карысы тырышат… далысы тырышат. Бүт денеси түйүлүп бараткансыйт түйүнчөк болуп… Бирок ал алга жыла берди акырындап болсо да.

Акылга сыйбаган, аң сезимге сыйбаган, карылкка моюн  сунбаган бир күч аны алга түртүп баратты. Карынын кусалыгы беле бул? Карынын тарынычы беле бул? Акыл өкчөш кыйын. Айтыш кыйын аны. Балким канына сиңген кайра тарткыс өжөрлүктүр. Болжоп болбос….

Нурмат чал автобус токтоочу жерге жеткенде күн эки аркан бою көтөрүлүп калган. Автобус жогору небак өтүп кеткенби жолдун бери тарабында ыпымга  жан жок. Наркы тарабында Беренбектин баласы турат саксайып, капкара болуп. Нараакта дагы үчөө-төртөө турушат. Алардын ким экенин бүдөмүктөп тааный  албай койду.

Шайы оогон абышка грейдер жолдон түртүп чыгарган катыңкы карга олштура кетти үшкүрүнүп. Күрөгү деле колунда жүрөт, кошо бүтүп калгансып. Анысын алдына ала олтурду бала сыңары. Беренбектин баласы ээригип турса керек, тайтайып басып келди Нурмат чалдын кашына. Табияты ошолбу же тарбиясы ошолбу, карыларды кепке алып, теңтушундай тийишкенди жакшы көрөт.  Кемпириби, чалыбы карабайт.  Азыр да ошол адаты кармап турду.

– Кандай абаке? Эпейип алып оголе караттуу экенсиң. Үйүңөн чыккандан бери карап турдум. Башыңды жерден албай иштедиң да тим эле өчүң бардай. Карыгандан  айный баштагансыңбы? Күрөп  эмне кыласың кудайдын жолун.

Нурмат чал үндөгөн жок. Үңкүйүп олтура берди. Сүйлөшкөнгө дарманы жок эле. Тигил  болсо асыла берди.

– Балдарыңдын балдарынын алды катын алайын деп калганда какжаңдабай үйдө эле кудай деп отура  бербейсиңби.

Кыйытып айтылган сөздүн төркүнүн жакшы аңдаган     Нурмат чал ызалана түштү. Бирок, дагы эле үндөгөн жок. Айтышууга көңүлү чаппады. А тигил болсо оюн чындан омуроолото берди.

– Сенден башка үйүңдө кар күрөй турган эч ким жокпу. Анан да жол салганын кантейин. Мешкенин түбүндө жыргап жата берет элем мен болсом. Балдардын балдарын кучактап.

Мунун өзү безге сайгандан жаман эле. Нурмат чал үчүн.  Ал чыдабай кетти.

– Сенин атаң эле, эмне, жыргап атат дейсиңби? Деп калды демигип. Оозунан ушундай сөз чыгып кеткенин ирмемге келе калган ачуу менен элес алалбай калды. Бул сөз Беренбекке жетсе,  ал өмүрү өткөнчө унутпасын түшүндү. Айылдагылар: “Беренбектин келини “кемпири чал баккан бала таза  болбойт экен, тарбиясы начар, кераяк болуп калат экен” деп балдарын алып кетиптир. Бир айылдын аяк башында туруп балдарын, кайынатасыныкына жибербейт экен”  деп айтып жүрүшкөнүн кулагы чалган. Балакет басып, ошол эсине келе калганын карачы. Түбүң түшкөн карылык ай-й! Карыганда адам кекчил болуп калабы, же жаш балача бат таарынчак болуп кетеби? Ким билет түбүн түшкүр!!! Кейигенде не пайда. Айтылды бүттү. Нагызы, айтылбаш керек эле да.

Аңгыча шаардан келүүчү автобустун эртең мененкисинен кийинкиси келип токтоп калды. Нурмат чал ыргып турду чарчаганын  да унутуп. Беш-алты кишини түшүрүп коюп, эшиктерин шарак-шарак жаба жөнөп кеткен автобус тээ тумшуктан имерилип кеткенче жалдырап  карап турду да, илкий басын жана өзү салган жол менен үйүнө жалгыз жөнөдү.

Ак карда жалгыз чекит болуп илкип баратты.

Келди да бүк түшүп жатып калды мешкенин түбүндө. Тамакта ичкен жок. Кемпири менен да сүйлөшпөй койду такыр…  Ичинен өрттөнө берди Нурмат чал….

..Ошол түндө бүт аалам майрамдап жатты. Адамдар тойлоп жатышты тирүүлүктү, түбөлүктүүлүктү даңазалап. Балдардын  бактысы үчүн! Ата-энесине  убай көрсөтүшү  үчүн! Бапестеп өстүргөн ата-энелер үчүн тосстор үстөккө-босток көтөрүлүп жатты… Ошол түнү айылдагы үйлөрдүн жарыгы таң сүргөнчө өчпөдү.

…Бир гана үйдүн жарыгы күйгөн жок. Күүгүмгө чейин жол карап көзү  тешилген кемпир  бүк түшкөн чалынын эки жагын кымтылып олтуруп үргүлөп кеткен….

….Кемпир чалдын түшүнө күнүгө неберелери кирет. Сагынышат го. Саргайышат го…

Базарбай Буканбеков

Айбат гезити №148 (02.10.2015)



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru