Айбат » Фаршталган баклажан

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Фаршталган баклажан

фаршталган баклажанКандай азыктар керек?

Баклажан: 3 даана

Пияз: 2 даана

Помидор: 2 даана

Сабиз: 1 даана

Болгар калемпири: 1 даана

Сыр: 50-70 г

Туз, мурч

Өсүмдүк майы Майонез

 

 

Кантип жасалат?

Баклажанды тигинен тең экиге бөлүп туруп туз сээп 30 мүнөт тыныктырып коёсуз да, андан кийин ортосундагы этин оюп алып коёсуз. Фаршын жасоо үчүн пиязды, сабизди, болгар калемпирин жарым шакекче кылып туурайсыз. Буларга баклажандын ортосундагы этин майдалап кошосуз. Баарын кызып турган өсүмдүк майына салып кууруйсуз. Помидорду чарчы кылып туурап, аны да куурулуп жаткан азыктардын үстүнө кошосуз да, казандын капкагын жаап жай отко демдеп коёсуз. Аягында татымына жараша туз, мурч жана майдаланган сарымсакты кошосуз. Фарш бир аз муздагандан кийин аны менен ортосу оюлган баклажандардын ичин толтуруп, бетине майонез шыбап, кыргычтан өткөрүлгөн сырды себелейсиз. Фаршталган баклажанды майланган калыпка тизип 180 градустагы духовкада 35 мүнөт бышырасыз.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru