Айбат » Карыларыбыз – майрамыңыздар менен!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Карыларыбыз – майрамыңыздар менен!

ардагер апаКыргызда «Карысы бардын – ырысы бар», «Карынын сөзүн капка сал», – деген жакшы накыл кептерибиз бар. Албетте, жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин – дөөлөттү, – дегендей, жаш чакта мээнет тартып алып, карыганда бакубат карылыкта карыганды ким гана каалабасын. Карылар биздин төрүбүздүн көркү, биздин бул жашоого келгенибизге салым кошкон жана ушул деңгээлге жетишибизге салым кошкон инсандар. Колдо бар алтынды баалап, апаларыбыздын, аталарыбыздын айтканына кулак салып, алардын бакубат жашоосуна камкордук көрүү биздин милдет болгону менен ар бирибиз ал милдетти аткара бербейбиз. Ооба, көр турмуш менен алышып жатып, ата-энебиздин көңүлүн оорутуп, алар тирүү кезде ысык чай бере албай армандагандар арабызда толтура. Анан алардын көзү өтүп кеткен соң, көкүрөктө бир айтылгыс бук калып, дүйнөң кыйрап, ичер сууң бөксөрүп калганда гана ата-эненин баркын, алардын касиетин, кадырын билип, тизе чаап бакырганыбызда кеч болуп калаары бышык. Ал эми аялынын сөзүнө кирип, анын көңүлүн карап жалгыз калган атасын же апасын карылар үйүнө алып барып салган азаматтарыбыздын кылганын көрүп баш чайкагандан башка аргаң деле калбайт. Табигатта карыган адамдын ишке болгон жөндөмү төмөндөп, өзүн караганга араң жарап калат. Анан өзү тогуз ай омурткасы сыздап төрөп, багып, баарына үйрөтүп, чоң адам кылып тарбиялап, үй-оокат, баарын даярдап бергенден кийин аялынын сөзүнө кирип каралыр үйүнө таштап кетсе, кайсы апанын сай сөөгү сыздабай койбойт. Бирок, ата-энесин төрүнө отургузуп, алардын каалаганын камсыздап, дөөлөттүү карылыкты тартуулаган инсандарыбыз да арбын. Албетте, алар да карыйт, анан балдарынан ошондой сый-урмат көрүшөт. Келгиле ата-энебиздин тирүүсүндө колубуздан келген сый-урматыбызды көрсөтүп жетишип калалы. Ата-энебиздин айткан сөзүн кунт коюп угалы! Себеби, ата-эне балдарына эч качан жамандык каалабайт!

Карылар күнү

1990-жылдын 14-декабрында БУУнун (Бириккен Улуттар Уюму) Генералдык Ассамблеясында 1-октябрь Эл аралык карылар күнү деп жарыялаган. Эң биринчилерден болуп карылар күнүн Европада андан соң Америкада, ал эми 1990-жылдын аяк ченинде бул майрамды бүткүл дүйнө белгилей баштаган. Скандинавия өлкөлөрүндө карылар күнү абдан чоң майрам катары белгиленет. Бул күнү көптөгөн теле жана радиопрограммаларда карыларга ылайыкташкан көрсөтүү жана уктуруулар берилет. 1-октябрда карылардын укуктарына жана коомдогу маанисине арналган “карылардын укуктарын колдоо ассоциясы” тарабынан уюшулган ар кандай фестивалдар, конференциялар жана конгресстер өткөрүлөт. Ал эми коомдук уюмдар жана фондтор бул күнү ар түркүн акцияларды жүргүзүшөт. БУУнун генералдык секретарынын сөзүндө: 1-октябрда өткөрүлүүчү Эл аралык карылар күнүн БУУ өкмөтү, жеке секторду, жарандык коом уюмун жана дүйнөнүн бардык адамдарын көңүлдү Мадридтин улгаюуу маселесинде каралган планына да ылайык, ошондой эле өнүгүүнүн глобалдуу маселелерин эске алып, бардык курактагы коомду түзүү керек. Өлкөнүн жалпы аракеттери менен адамдар көпкө жашоо гана эмес, жашоонун сапаты жакшы, ар түрдүү, толук кандуу жана бакыт алып келүүгө тийиш – деп айтылат.

Президент Алмазбек Атамбаев Карылардын эл аралык күнү менен куттуктады

“Ардактуу ардагерлер, улуу муундун өкүлдөрү! Жалпы кыргызстандыктардын атынан бардыгыңыздарды Карылардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм! Улуу муундун турмуштук тажрыйбасы, сабырдуулугу жана кайраттуулугу аркасында бүгүн биз тынчтыкта жана ынтымакта жашап жатабыз. Азыркы өлкөбүз сиздердин эмгек менен курулган. Сиздер мамлекетибиздин негизин түптөп, интеллектуалдык жана маданий көрөңгүсүн түздүңүздөр. Жаратман эмгегиңиздерге биз таазим этебиз!

Биз сиздердин алдыңыздарда карыздарбыз. Сиздерге татыктуу карылыкты камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракетти жумшоого тийишпиз. Бул биздин ыйык милдет. Сиздердин талыкпаган эмгек, кажыбаган кайрат, пайдалуу кеп-кеңешиңиздер биздин демибизге дем, күчүбүзгө күч кошуп турат. Бардыгыңыздар ден соолукта болуп, бактылуу өмүр сүргүлө. Ар дайым камкордукка, урмат-сыйга бөлөнүп жүрө бериңиздер!” – деп Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев

Эне күндөлүгүнөн…

Балам, ушундай күн келет мен да карыйм. Ошондо сабырдуу болуп, мени түшүнүүгө аракет кыл. Эгер капысынан жеп жаткан тамагымды төгүп алсам жекийимдеримди сенин жардамыңсыз кийе албасам, “жаш баладай” деп тилдеп, ачууланба мага. Кичинекейиңде сен да ошенткенсин… Бирок ал нерсеге менин жүрөгүм оорубайт. Тескерисинче жылмаюу менен эстеймин. Буларды сага үйрөтөм деп, канча убакытым, жаштыгым, канча өмүрүм өтүп жатканы оюма да келбеген. Бул сен үчүн убакытымды эле эмес, керек болсо “жанымды да аябайм” дегенди билдирет балам. Эгер чогуу сүйлөшүп отурганда, бир сөзүмдү кайра-кайра кайталачу болсом, кыжырданып мени айыптабай айткан сөзүмдү ук. Кичинекей кезиңде мен да сага бир эле жомокту кайра-кайра айтып берчүмүн. А сен ал жомокту ар дайым тыңдоодон тажабайт элең. А менин өмүр жомогум аяктап баратат, ошондуктан менин айткан сөздөрүмдү оор көрбөй угуп коюшуңду суранам. Эгер азыркы замандын жаңы буюмдарына түшүнбөсөм, мени айыптаба балам…болгону бир аз убакыт бер түшүнүп алышыма. Анткени мен сага туура тамактанып, туура кийинип, турмуш көйгөйлөрүнө каршы кантип күрөшүүнү үйрөтө алганмын. Муну да эптей алышыңа ишенемин, сенин колуңдан келет. Эгер сүйлөшүп жаткан учурда, айтчу сөзүмдү унутуп калсам ачууланба. Эгер билсең…мен үчүн сени менен сүйлөшүп жатканым эмес, сен менен чогуу экендигим маанилүү. Эсиңдеби…сен кичинекей кезиңде менден алыстоону таптакыр каалабайт элең. Өзүңдү үйгө калтырчу болсом, “апалап” короону кыдырып, чыр салып мени издеп жөнөчүсүң. Кана эле азыр дагы мени издесең, менден алыстагың келбесе…Эгер карыган буттарым мага кызмат кылуудан, таяныч болуудан баш тартса, мага колуңду соз балам. Жарык жашоого келип, тамтаңдап жаңыдан гана кадам таштап жатканыңда мен колумду созгон сыяктуу. Балам, мен сенин кулап калышыңдан коркчумун. Азыр да корком. Ошондуктан сен да мага колдоруңду соз. Сенин жардамыңсыз кулап калышым мүмкүн. Сени ушунчалык жакшы көрөм…

Адеми Акимова

Айбат гезити №148 (02.10.2015)




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru