Айбат » Ардагерлерге таазим!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Ардагерлерге таазим!

MegaCom уюлдук оператору жылдагыдай эле карыларды 1-октябрь майрамы менен куттуктады.

MegaCom компаниясы жылына эки жолу: 9-май – Улуу Ата Мекендик жеңиш майрамында жана 1-октябрь карылар майрамына карата ар бир ардагерге 2 миң сомдон берип, жалпысынан жылына 4 миллион сом берип келет. Бул ирет 1-октябрь карылар күнү MegaCom компаниясы элибиздин улуулугун, эрдигин жана мекенчилдигин көрсөткөн карыларыбызга салтка айланган концерттик программа уюштуруп. Концерттик кече Сейтек театрында болуп өттү. Иш-чаранын алкагында ардагерлерге акчалай сыйлыктар тапшырылып, чет жердеги жакындары менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

ардагерлер

Майрамдык концертке чакырылган ар бир карыларды уюлдук оператордун кичи пейил кызматкерлери улагадан гүл менен тосуп, алар менен баарлашып эмгегине урмат көрсөтүү менен концерттик залга чейин жетелеп барып жатышты.

 

Азат Базаркулов, MegaCom компаниясынын башкы директору:

Мага, бүгүн, Сиздерди Карылар күнү- акылмандыктын жана кайрымдуулуктун майрамы менен куттуктоо бактысы туш келиптир. MegaCom компаниясы бул майрамдын эл аралык аталышын алмаштырып, жан-дүйнөбүзгө жылуу сезимдерди тартуулаган ызааттоо  жана кайрымдуулук күнү катары  белгилеп келет. Сиздер бүгүн залдан компаниянын кызматкерлеринен турган ыктыярчыларды көрүп турасыздар. Байыртадан эле элибиз “Карысы бардын ырысы бар” деген накыл кепти туу тутуп, карыларына сый-урмат көрсөтүп келген. Терең ыраазычылыкка чулганган куттуктообузду жолдоо менен, турмуштун катаал сыноосун татыктуу көтөрө билген, көкүрөгүндө жаштыктын илеби уялаган ата-апаларыбызга  жүзүңүздөрдөн жүрөк жылмаюуңуздар өчпөсүн деп тилемекчибиз.

Майрамдык концертке булбул үндүү ырчылары жана таланттуу бийчилери жагымдуу концерттик программа тартуулашты. концерттен кийин карылар акчалай сыйлык тапшырылды. Иш-чарага келе албай калган карыларды, уюлдук оператордун кызматкерлери үйлөрүнө барып куттуктап, белектерин тапшырышууда.  Облустардагы карыларга, белектер MegaCom компаниясынын аймактардагы адистери  аркылуу таратылат.  Кичүү муундун мындай сый-урматы, жылуу мамилеси карыларыбыздын жүрөгүнө дем берип, жүзүнөн кубанычтын нуру төгүлүп тургандыгы, биз үчүн бакыт.

01 02 03

Айбат гезити №148 (02.10.2015)



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru