Айбат » С.Муканбетов: Болочоктогу башкаруу биримдигине «Ата Мекендин» кирбей калышы, татаал саясий кризиcти алып келет

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » С.Муканбетов: Болочоктогу башкаруу биримдигине «Ата Мекендин» кирбей калышы, татаал саясий кризиcти алып келет

ата-мекен

КСДП партиясы менен президент А.Атамбаев башкаруучу коалицияны сактап калууга жана аны бекемдегенге кызыкдар. Бул тууралуу КТРКнын байкоочу кеңешинин мүчөсү Сабыр Муканбетов «Де-факто» гезитинин 21-июнда чыккан санына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, башкаруучу коалициянын бузулуп кайра түзүлүшү бир топ убакытты сарптап, туруксуздук менен коштолоорун эске алганда андай баш оору бийликтегилерге керек эмеc.

«Азыр коалициянын ичиндеги айрым таасирдүү күчтөрдүн болочоктогу башкаруу биримдигине (мисалы «Ата Мекендин») кирбей калышы азыркыдан дагы татаал саясий кризисти алып келиши мүмкүн. Ошондуктан азыркы бийлик башындагылар «өлбө жаным өлбө» деп арабасын кылдыратууда. Өзүлөрү баштап, кардиналдуу кадам жасайт деш кыйын», – дейт ал.

Булак : De-факто


Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru