Айбат » Бабанов кимдерге ызырынып жүрдү эле?..

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Бабанов кимдерге ызырынып жүрдү эле?..

Бабанов«Той болот, тойдун эртеси да болот», – дегендей, жалпы журт кулагын түргөн шайлоо да бүтүп, утчулар утуп, утулгандар санын чаап чычалап туру. Албетте, бардык шайлоочуларды «акчага сатылды» деп бир тараптан айтууга болбойт. Сырттан караган адамга мурункулар эле кайра келишти. 2-орунду камсыздаган «Республика-Ата-Журт» партиясынын теңтөрагасы Өмүрбек Бабанов эми билек түрө өз «ишине» киришти. Дегеним, Канат Исаев, Шаршенбек Абдыкеримов, Канатбек Муратбеков, Бакыт Төрөбаев сыяктуу кезегинде «сатып» кеткен  коллегаларын өз «ордуна» отургуза турган кез келди, – деп турган чагы. Эми алардын кимисинен биринчи баштаарын убакыт көрсөтөт албетте. Анан дагы бу МАИчи байкелерибизге абдан жаман болду. Эми алардын да «сейилдеген» күнү бүтөөрүнө аз калды. Себеби, БӨТ парламентке аттанып жатканда программасында «жолдо турган МАИчилерди алам» – деген сөзү бар эмес беле….Ал эми Өмүрбек Текебавге тиш салаары турулуу иш. Себеби алдыда президентик жарышка камдануу турат эмеспи.

Айбат гезити №149




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru