Айбат » Кыргызстанда таза шайлоолордун пайдубалы түптөлдү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кыргызстанда таза шайлоолордун пайдубалы түптөлдү

Атамбаев4-октябрдагы парламенттик шайлоо Кыргызстандын тарыхында эң таза жана ызы-чуусу жок өткөн шайлоо катары калат. Азырынча мындай акыйкат добуш берүүнүн мааниси анча сезилбегени менен сөзсүз түрдө биздин келечекке бул шайлоо оң таасирин берет.

 

Эл аралык байкоочулар шайлоого жогору баасын берди

Өткөн жекшембиде өткөн шайлоого 700гө чукул эл аралык байкоочулар жана миңдеген жергиликтүү көз карандысыз байкоочулар көз салды.  Добуш берүүгө көз кырын салган бир да байкоочу бул шайлоону терс баалаган жок. Демек, Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет ызы-чуусу жок, эл ыраазы болгон шайлоо өттү.

Негизи эле буга чейин Европадан келген байкоочулар Кыргызстандагы шайлоолорду сын көз менен карап, ага толук канааттанбай кетип жүргөн. Акаев менен Бакиев доорунда алар биздеги добуш берүүлөрдү укмуш сындачу. Ал эми бул жолку шайлоодо алгачкы жолу ЕККУнун өкүлдөрү жогору баасын берди. Аталган уюмдун атайын координатору, байкоо миссиясынын жетекчиси Игнасио Санчез Амор бул өнөктүк курч атаандаштыктын негизинде өткөнүн билдирди. “Бул шайлоо чыныгы атаандаштык мүнөздө өттү. Себеби, кечки саат 8ге чейин эч ким алдын-ала парламенттин курамын билген жок. Жыйынтыктын кандай болушун бийликтеги партиялар да так божомолдой албады. 14 партиянын ортосунда атаандаштык курч болду деп айтсак болот”, – дейт ал. Мындан сырткары ЕККУнун байкоочулары шайлоого көз салган тараптарга бардык маалыматтар ачык-айкын айтылып, ачыктуулук сакталганын өзгөчө белгиледи.

 

Эстониялык байкоочу:

“Биометрияны даңктап, даңазалаймын!”

Эстониянын Башкы прокурорунун орун басары Дилайла Накур-Таммиксаар да Кыргызстандагы шайлоого байкоо салды. Ал биометрикалык маалыматтардын негизинде өткөн бул добуш берүүнү жогору баалап, биометриялык маалыматтардын негизинде шайлоо өткөрүүнү мындан ары активдүү даңктай турганын айтты. “Мага биометрикалык шайлоо абдан жакты. Бул кайрадан добуш берүү дегенге жол бербейт экен. Мен Эстонияга барганда профилдик комитеттерден өкмөттүк кабинеттерге чейин биометрияныдаңктап, даңазалаймын”, – деди байкоочу.

Ошондой эле ал кыргызстандык шайлоочулардын активдүүлүгүнө суктанып, элдин маанайына таң калганын жашырган жок. “Кыргызстанда шайлоо майрамдай эле өтөт экен. Элдин маанайы да жакшы болду. Тартип бузуп, шайлоону бурмалаган көрүнүштөрдү байкаганым жок. Эң кызыгы жыйынтык заматта чыгып жатты”. – дейт ал.

Президент таза шайлоого жол ачып тарыхта калат

Бул жолку парламенттик шайлоонун биометрикалык маалыматтын негизинде акыйкат өтүшүшүнө президент Алмазбек Атамбаевдин салымы өтө чоң экенин ачык айтып койгонубуз оң. Анткени буга чейин жаны технологиянын, биометриканын негизинде шайлоо өтөт дегенде, айрымдар шылдыңдаган эле. Кээ бир “көзү ачыктар” бийлик ушул жол менен шайлоонун жыйынтыгын бурмалаганга аракет кылып жатат деп ооз көптүргөн. Кантсе да мындай сөздөр баары артта калды. А.Атамбаев таза шайлоону камсыздап тарыхта калат.

Президент Алмазбек Атамбаев шайлоодон эртеси эл аралык байкоочулар менен жолугуп бул жолку добуш берүүгө тынчсыздануу менен көз салып турганын айтып, таза шайлоо үчүн канааттанганын жашырган жок. Ошондой эле президент добуштарды сатуу жана сатып алуу көрүнүшүн сынга алды. “Шайлоочулардын добушун сатып алуу – өлкөбүздүн өткөндөн калган “мурасы”. Ал кезде өлкөнү авторитардык режим жана уурулар башкарып турган. Бул  көрүнүш убактылуу, мен буга бөркүмдөй ишенем”, – деди президент.

Ошондой эле ал ар бир өлкөдөгү туруктуулук коомдук түзүлүштүн жана шайлоолордун таза жана  калыс өткөрүлүшүнө байланыштуу болоорун белгиледи “Мен өлкөбүз алдыга абдан чоң кадам жасагандыгына абдан сыймыктанам. Мындай деңгээлдеги шайлоону жаңы технологияны пайдалануу менен  өткөрүү регионубузда  биринчи жолу болуп жатат. Бул өлкөбүз экономикалык жаткан дагы  өнүгүшүнө дагы кепилдик берет. Анткени  адилеттүү шайлоо өткөрүү  өлкөнүн өнүгүшү үчүн абдан чоң мааниге ээ”,- деп Президент таза жана адилеттүү шайлоо  өткөрүүгө эл аралык коомчулук дагы колдоо көрсөткөндүгүн кошумчалады.

Айбат гезити №149



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru