Айбат » Азиза Абдырасулова, укук коргоочу: “Шайлоодо саясатчылар эмес байкоочулар тарабынан болсо чындыкка жакыныраак болмок”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Азиза Абдырасулова, укук коргоочу: “Шайлоодо саясатчылар эмес байкоочулар тарабынан болсо чындыкка жакыныраак болмок”

Абдурасулова Азиза-  4-октябрда болуп өткөн парламенттик шайлоодо жеткиликтүү добуш албай калган айрым партиялардын мүчөлөрү“шайлоо таза өтпөй калды, Акаев менен Бакиевдин заманында да шайлоо мындай бурмаланган эмес” деп кыйкырып чыгышууда. Сиз булардын пикирине кандай карайсыз?

– Мен атайын шайлоого байкоо жүргүзгөн жокмун. Бирок, коомдук пикир же өз оюмдагы шайлоонун маңызына карасак, шайлоону таза жана акыйкат өттү деп таанысак болот. Шайлоодон кийин да саясий туруктуулук жакшы башталды, биз ушунусуна кубансак болот. Күнөөлөп жаткан партиялар курулай күнөөлөбөй конкреттүү фактылар менен айтыш керек эле. Бирок, алар курулай сөз менен гана айтып жатышат. Шайлоого 14 партия катышты, бирок анын баары өтүп кетпейт да. Жеңгени болот, жеңилгени болот, ошондуктан бул кадимки мелдеш деп эле түшүнсөк болот. Ар бир шайлоо участогунда байкоочулар, көзөмөлдөөчү органдар болгон. Ошондуктан даттануу болсо, шайлоодо саясатчылар эмес байкоочулар тарабынан болсо чындыкка жакыныраак болмок. Ал эми саясатчылардын шайлоону тааныгысы келбей жатканы, чычалап жатканы болсо керек деп айтам. Алар жеңилип калгандан кийин парламентке барбай да эл үчүн иштесе болот. Өздөрүнүн сунуштарын айтып бийлик менен чогуу эле иштешсе болот.

- “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров “добуштарды кайра санап чыгуу керек” деп БШКга талап койду. Бул талап орундуубу?

-“Бүтүн Кыргызстан” партиясы шайлоодо утулуп калды деп айтуудан алысмын. Бул партия да элдин арасында жакшы кадыр- баркка ээ экендигин, элоктораттары бар экендигин далилдеди. Аларды колдогон элдер жалпы эсеп боюнча 250 миңге чукулдады, бул да шайлоодо жакшы көрсөткүч. Эми алар да ичи ачышып эмне кылар айласын таппай айтып жатышат. Кыргызстан боюнча канчалаган шайлоо учаскалары бар, анын баарын эсептеп чыгуу мүмкүн эмес. Ошондуктан шайлоонун жыйынтыгын таанууга туура келет. Алар да чындыгында конкреттүү факты менен айтып чыкса туура болмок.  Бирок, мен дагы кайталайм, “Бүтүн Кыргызстан” партиясы утулуп калды деп айтуудан алысмын. Кайсыл бир деңгээлде утукка ээ болду деп айта алам.

-  Жылдыз Жолдошева, Исмаил Исаков сындуу партиялары өтпөй калган саясатчылар бийликти күнөөлөп жатканы туурабы?

– Бул саясатчылардын партиялары негизи өздөрүн оппозициялык маанайдагы партия деп эсептейт. Ошондуктан алардын көз карашы баарына маалым. Негизи андай партиянын Кыргызстанда болгону жакшы. Мына бешинчи чакырылыштагы депуттардын арасынан жакшы даана оппозиция көрө алган жокбуз. Өмүрбек Абдырахманов менен Равшан Жээнбеков же ошол эле “Ата Журт” партиясы да жакшы оппозиция боло алган жок. Азаттык партиясы бийликке барбаса дагы, сунуштарын айтып элдин мүдөөсүн бийликке жеткирип чогуу кеңешип чечип иштешсе болот.

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №149




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru