Айбат » Орозбек Дүйшеев, тоо-кен тармагы боюнча адис: “Алтын кенин токтотуп койсо экологиялык зыян ошондо башталат”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Орозбек Дүйшеев, тоо-кен тармагы боюнча адис: “Алтын кенин токтотуп койсо экологиялык зыян ошондо башталат”

Кумтөр, Caterpillar

- Орозбек мырза, 5-чакырылыштагы парламент “Кумтөр” маселесинин аягына чыга алган жок. Эми жаңы шайланган парламент бул маселени кантип чечиши керек деп ойлойсуз?

– Тилекке каршы, жаңы шайланып келе турган депутаттардын арасында бир да тоо-кен тармагындагы адистер жок экен. Бул маселени чечүү өтө татаал болот. Бирок, ошол эле кезде маселени туура чечүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бул үчүн депутаттар жана өкмөт маселени карап жатканда адистерди чакырып алардын айткандарына таянышы зарыл. Эгер буга чейинкидей эле кылса талаш-тартыш боло берет.  Абдан татаал маселе.

- Ошол эле кезде айрымдар “Кумтөр” ишканасы экологияга оңбогондой зыян алып келип жатканын айтууда. Сиз мындай тынчсызданууларга кошуласызбы?

– “Кумтөр” экологияга зыян алып келип жатат дегендердин баарысы маселени терең түшүнбөйт. Эптеп элдин башын айлантышы керек. Азыр өкмөттөн экология жана муздардын эриши боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Аталган комиссия жакында ишинин жыйынтыгын чыгарат. Чындыгында, “Кумтөр” эч кандай экологияга зыян алып келбейт. Аны жакшылап иштетип пайдасын көрүшүбүз керек. Мына жакында эле дүйнөлүк окумуштуулар муздардын эришине өндүрүштүн зыяны абдан аз экенин аныктады. Ошондуктан  муздардын эрип жатышына “Кумтөрдү” күнөөлөгөн туура эмес. Муздардын азайып жатышы жалпы дүйнөлүк процесс.  Бул климаттын жылуулугунан пайда болуп жатат. Ал эми өндүрүштү түшүнбөгөн биздин депутаттарыбызга эч нерсенин кереги жок. Алар эптеп элдин башын айлантышы керек.

- Эгер “Кумтөр” кени токтоп кала турган болсо бизге канчалык зыяны тиет?

– Учурда “Кумтөрдүн” өндүрүшү ИДПнын 12 пайызын түзөт. Мындан тышкары салык жана башка милдеттүү төлөмдөр түрүндө ишкана 7 млрд сомдон ашуун акча төлөйт.

“Кумтөрдү” токтотуп койсо экологиялык зыян ошондо башталат. Алар жыл сайын экологияга акча бөлүп турат. Эгер ишкана токтосо, анда жылып аткан муз массасы алтын кенин басып калат.  Анан ал жердеги алтындардын баары иштетилбей калат. Муну менен келечекте ишкананы жоюп салабыз.

- Эми өкмөт деги эле бийлик өкүлдөрү бул маселени кантип чечиши керек деп ойлойсуз?

– Негизи эле бул маселени парламент чечет. Башында айткандай эле мөөнөтү аяктаган парламентте деле бир да тоо-кен тармагын ийне жибине чейин билген адис жок болчу. Азыркы келе тургандарынан деле практик адистерди көрө алганым жок. Ошондуктан жаңы парламент келсе “Кумтөр” сыяктуу маселелер кандай жолдор менен чечилет белгисиз. Саясатчылар тоо-кен тармагын тереңден билбесе бул маселе боюнча адистердин кеңешин укканды үйрөнсө. Ошондо гана бул тармак жакшы жолго коюлмак. Ал эми өкмөт да адистердин кебин угуп, маселени кайрадан саясатташтырууга жол бербеши зарыл.

Айбат гезити №149




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru