Айбат » Чолпон Султанбекова, “Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер: “Шайлоо ыплас болду деп айта албаймын”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Чолпон Султанбекова, “Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер: “Шайлоо ыплас болду деп айта албаймын”

Чолпон Султанбекова- Чолпон Аалыевна, 4-октябрдагы парламенттик шайлоону Жылдыз Жолдошева “кылым аферасы” деп атады. Саясатчылар Адахан Мадумаров менен Исмаил Исаков да ыплас шайлоо өттү деп жатат. Сиз шайлоого катышкан саясатчы катары мындай айыптоолорго кошуласызбы?

– Негизинен шайлоо ачык болду. Албетте, кемчиликтер да болду. Биометриканы жаңы колдонуп жаткандыктан өзүн таппай калып, тизмеден адашкандар болду. Бирок, шайлоо аябай ыплас болду деп айта албаймын. Бул шайлоодо добуш сатып алуу көрүнүштөрү да болду. Аны бирок эч ким факты менен кармай алган жок.

- Бул шайлоодо бийлик тарабынан партияларга кандай шарттар түзүлдү деп ойлойсуз?

– Эми бардык партиялар тең укуктуу болгонун баарыбыз көрдүк. Мурда кайсы бир партияны өткөрбөөгө аракеттер болуп, ар кандай бут тосуулар болуп келген. Бул жолу болсо андайга жол берилген жок. Ошондуктан бул шайлоону ыплас деп айта албаймын.

- Сиз айткан кемчиликтер, добуштарды сатып алуулар жалпы шайлоонун жыйынтыгына таасирин тийгизе алабы?

– Азыр тийгизе албайт. Добуштарды сатып алуулар басымдуу болгону менен аны эч ким колу менен кармай алган жок. Мен шайлоого катышкан аймакта деле одоно мыйзам бузуулар байкалган жок. Ошондуктан бул жолку добуш берүү ачык өттү деп айтсак болот.

 

“Мындан кийин да ушул нукта өнүгө турган болсо, Кыргызстан чыныгы демократиянын туусуна жетет”

- Чолпон айым, бийлик тараптан көрүлгөн таза шайлоо менен камсыздоо аракеттери өз натыйжасын бердиби?

– Шайлоо мурдагыларга салыштырмалуу, таза жана ачык-айкын өттү деп айтсак болот. Болгонун болгондой эле айтышыбыз керек. Мурда бийликтин партиялары башка партияларга чоң стадиондорду бербей, мектептердеги жолугушуулардан куушуп, кысым жасагандары аябай эле байкалчу. Бул сапар андай кысым болгон жок. Бироксаясий элитанын акча таратканы байкалып эле калды. Бул бир эле партияга тийиштүү эмес, көпчүлүгү ушундай жолдорго барды. Башка олуттуу деле мыйзам бузуулар байкалган жок. Мындан улам биздин шайлоого болгон көз карашыбыз бир аз да болсо өзгөрүп, жаңы баскычта өнүгүп келе жатканын түшүнсөк болот.

- Таза шайлоону мындан ары жакшы багытта өнүктүрүп кетсек болобу?

– Албетте, өнүктүрүп кетсек болот. Анткени акыркы шайлоо буга чейинки шайлоолордон акыйкаттыгы, баарына бирдей мүмкүнчүлүк берилгендиги менен өзгөчөлөндү. Мындан кийин да ушул нукта өнүгө турган болсо, Кыргызстан чыныгы демократиянын туусуна жетет.

Айбат гезити №149




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru