Айбат » Кызалаков кызматынан кетмей болду

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кызалаков кызматынан кетмей болду

КызалаковКочкор районунун  Эмгек Туусу райондук гезитинин редактору Кызалаков аксакал «Айбат» гезитин 500 миң сомго сотко берип жатат. Гезиттин мурунку санында «Кызалаков кырдын учундабы?» – деген макала жарык көргөн эле. Окурманга түшүнүктүү болуш үчүн макаланы толук беребиз.

Кызалаков кырдын учундабы?

Кочкор районунда мамлекеттик басылма катары таанылган “Эмгек Туу” коомдук гезити азыркы учурда мышык ыйлай турган абалга келгенин аймактык кабарчыга чалып кабарлашкан. Ага чейин район, облус жетекчилеринен тыңгылыктуу жооп ала албаган окурмандар президенттин администрациясына жана маданият министрлигине кайрылуу жөнөтүшкөнүн кабарлашкан. Өзүн Жайлообаев Сабыр деп тааныштырган Исакеев айылынын тургуну. “Эмгек Туусу” кочкордун мурунку акими Байтереков Курманбекти эки бет кылып, кочкор сотунун мурунку төрагасы Астаркуловду кошуп мактаса болот. Биз карапайым эл материал бергенге барсаң эшигинин алдына жолотпойт. Кайда калыстык? Кайда мамлекеттик жетекчилер ушундай чалдарды азыркыга чейин кармап олтурушканы. Өзүнүн менчик гезитиндей эле такай өзү чыга берет. Айыл аралап барып маек алганын уга да, көрө да элекпиз. Мен эмес жалпы эл каршы болуп жатат, жаштарга орун бошотуп кетсе жакшы эле болмок сөзгө калбай. Эмне демекчибиз окурман, пенсия курагы келип калган инсандарыбыз эс алып неберелеринин күлкүсүнө арбалып, үйдө кадырлуу карылыкты кечирсе демекчибиз.

Мына жогорудагыдай макаладан кийин чычалаган Кызалаков Турдумамбет мырза «Мени тиги дүйнөгө кетирип жатат, ушул макала чыккандан кийин ооруканага жатып чыктым» – дейт арызында. 70 жаштагы аксакал эмес жаш балдар деле ооруканага жатып атпайбы.  Айткандын оозу жаман, сүйлөгөндүн сөзү жаман, дегендей, биз айтпасак башкалар деле бул макаланы жарыялап чыкмак. Эми өзү иштээрин иштеп, «Эмгек Туусу» гезитин укмуш жогорку деңгээлге чыгарып жиберсе, анда башка сөз. Республиканы айтпай эле коелу  Кочкор элинин жаңылыктарын жарытаарлык чыгарбай, Аким менен тыңгылыктуу иштеше албай, бизди сотко берип жатат. Кызалаков аксакал адегенде өзүнүн кылган ишинин өтөөсүнө чыкканда эч ким анын кылган ишине кийлигишмек эмес. Нарын облусунун Өкмөттүн ыйгарымдуу өкүлү Аманбай Кайыповго барып, өзүнүн жердеши Азис Касеновду ортого салып, сунуш чыгартып алыптыр. Эми болсо, Маданият министринин орун басарлыгына Соцфонддон киши салдыртып жатыптыр. Гезитти Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги чечпей эле соцфонддун өкүлдөрү чечип калды беле? Жогорудагы маселе боюнча  Кыргыз Республикасынын Маданият маалымат жана Туризм министринин алдындагы Маалымат жана Массалык Коммуникациялар департаментинин директору Норузбаева Бактыгүл Шабдановнага кайрылганыбызда Кызалаков Турдумамбет мырза жакынкы аралыкта кызматынан кетээри туурасында айтты.

– Бактыгүл Шабдановна, Кочкор районунун «Эмгек Туусу» райондук гезитинин редактору пенсия курагындагы адам экен. Эмне үчүн алигиче жаштарга орун бербей иштеп отурат?

– Негизи Аксакалдын жумушта калуусу тууралуу Кочкор районунун акимине сунуш бергенбиз, бирок, аким ал киши менен иштебейм деп сунушубуздан баш тартты.

Гезиттин туура эмес
иштери  бар экен

Гезиттин туура эмес иштери  бар экен. Биз мына шайлоону өткөрүп алдык, эми райондук гезиттерге реформа жасайбыз. Корреспонденттик пункт эле болот. Ошондуктан ал аксакал кандай болгон күндө да эс алууга кетет. Мындайча айтканда райондук гезит жоюлуп, Кочкор району боюнча маалымат жазган 2 гана кабарчы болот. Негизи райондук гезитте иштегендердин айлыгы аз болгондуктан ал жакта эч ким иштегиси келбей жатпайбы. Айрыкча айыл жергесинде иштегиси келген жаштар жокко эсе. Эгер иштегибиз келет деген филология жана журналистика боюнча жогорку билими бар жаштарыбыз резюмесин алып келишсин, биз карап көрөбүз.

Акинай Айдарова

Айбат гезити №149



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru