Айбат » Бишкекте шахмат боюнча Азия биринчилиги өтүп жатат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Бишкекте шахмат боюнча Азия биринчилиги өтүп жатат

Борбордо 3-октябрдан 11-октябрга чейин Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 20 жашка чейинки улан-кыздардын арасында шахмат боюнча Азиянын биринчилиги өтүп жатат. Шахматтын 3 түрү боюнча: классикалык, ылдам жана тез шахмат боюнча мелдеш болот. Азырынча классикалык шахмат боюнча биздин балдар 3-4-орунда келе жатат. Тез шахмат боюнча өткөн мелдеште биздин 12 жаштагы жаш шахматчы балабыз Руслан Сьездбековдун коло медалга ээ болушу шахмат сүйүүчүлөрү жана кыргыз элибиз үчүн кубанычтуу кабар болду. Ылдам шахмат боюнча мелдеш 8-октябрда болот. Бул чемпионатка Азиянын 7 мамлекетинен келген улан-кыздар Кытай, Иран, Индия, Шри-Ланка, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан мамлекетинен келген жана биздин шахматчылар катышып жатат. Мелдешке баш-аягы 41 оюнчу катышса, алардын арасында биздин 19 оюнчубуз күч сынашып жатат. Эң жаш оюнчубуз Руслан Сьездбеков. Русландын 20 жашка чейинки оюнчулардын арасынан коло медалга ээ болушунун өзү чоң жетишкендик десек болот. Бул да тарыхый окуя.

 

 

Милан ТурпановТурпанов Милан, Кыргыз Республикасынын шахмат федерациясынын Президенти

- Милан мырза, биздин жаш шахматчыбыз Руслан Сьездбеков коло медалга ээ болгонунун өзү бизде шахматтын өнүгүп жатканынан кабар берет. Руслан буга чейин мындай ири мелдештерге катышып жүрдү беле?

– Руслан Сьездбеков буга чейин сыртта көп катышып, медалдарды алып жүргөн. Бирок, биздин мамлекетте болуп жаткандыктанбы, духу жакшы, маанайы да жакшы, жогорку деңгээлде оюн көрсөтүп жатат. “Жаннат” деген мейманканага жайгашып, масштабдуу түрдө жогорку деңгээлдеги ачылыш аземин өткөрдүк. Залыбыз дагы Эл аралык стандартка жооп берет.

- Мелдеш Эл аралык деңгээлде өтүп жатпайбы, биздин өкмөт тараптан кандай жардамдар болуп жатат?

– Желек турган жерде мамлекеттин түздөн-түз тиешеси болуш керек эле, тилекке каршы бир да тыйын бөлүнгөн жок. Анткени, тиешелүү жооптор келип атат. Эл аралык стандарттагы калыстар авиабилеттери, жатаканасы менен миң долларга чейин гонорар алышат. Андай калыстардан 6-7 киши келишкен. Жатаканасы менен бир топ сумма чыгат экен. 60 миң доллардын 10 миң долларын Азиянын шахмат федерациясы, KPMG деген Казакстандагы компания 3 миң доллар берди. Андан сырткары Кыргызстандагы компаниялар өзүнүн колунан келген жардамдарын көрсөтүп жатышат. “Жаннат” мейманканасы дагы уюштуруу жагынан көмөк көрсөтүп, жатакана жана тамак жагын өз мойнуна алды. Биздин балдар дүйнөлүк деңгээлге чыкканда жол кире учагын таап беребиз. Уюштуруучулар 3 жолку тамагы жатаканасы бөлүп берет. Биз болсо желек үчүн турушубуз керек.

- Алдыңкы орунду камсыздаган оюнчулар үчүн кандай белектериңер бар?

– Мындай мелдеште байге фонду каралбайт. Медаль, грамоталар даярдалды. 20 жашка чейинки оюнчулар өзгөчө статуска ээ. Биринчи орунду алгандар атайын гроссмейтердин  нормасын жана дүйнөлүк кубокко жолдомо алышат. Андан сырткары рейтинг ошол эле өзүнүн тажрыйбасын жогорулатып наамдарды алганга мүмкүнчүлүктөр болот. Биринчи орунду камсыздаган оюнчулар дүйнөлүк элитаны жаңыланткандар.

 

 

 

Шахмат таржымалы

Шахматтын пайда болуу тарыхы

Алгач Шахмат оюну мындан 2000 жыл мурун Индиялыктар тарабынан ойлонуп табылган. Англиялын чыгыш таануучусу  Г. Мэррей  1913-жылы жарыкка чыккан  “Шахматтын тарыхы” деген эмгегинде “Шахмат б.з 570-жж да Индияда пайда болуп андан соң жакынкы чыгыш өлкөлөрүнө тараган”,- деген маалыматты жазган. Шахмат оюну ал кездеги “Чатуранга” деген оюндун негизинде ойлонуп табылган оюн болуп саналат. Чатуранганын аянты 9х9 болуп, төрт гана күчтүү фигураларга ээ болуп, ошол кездеги Индия жоокерлеринин катарлаш турган бөлүктөрүн сүрөттөгөн. Бул кызыктуу оюндун баш аты болуп саналган Чатуранганын дагы бир кызыктуусу же өзгөчөлүгү болуп жуптук түгөйдө болуп төрт адам ойной алган. 6-кылымдын баштарында  чатурган оюнун азиянын борборлорунда жана чыгыш тарабында жашаган адамдардын кызуусун артырып ойноло баштайт. Булардан кийин Иранга жетип ошол кездеги стол  оюндардын падышасы болуп калат. Ирандар менен соода жаатында карым катышы жакын келген арабдар, ирандыктардан бул шахмат оюнун үйрөнүп алышып өз өлкөсүнө кеңири таратып шахмат оюнун чоң абройлукка жеткиришет. Арабдардан Испания аркылуу Португалияга андан Италияга шахмат оюну кулак жайып отуруп баардык Европаны өз кучагына алат.

“Шахмат” деген сөздүн келип чыгышы

Шахмат  арабдарда “шатрандж” деп аталаса перстерде “шатранг” деп айтылган. Кийин тажиктерге келгенде “Шахмат” деген сөзгө айланган. Анын  мааниси “бийди жазалоо, жеңүү” деген түшүндүрмөнү аныктап турат. Шахмат баардык дүйнөнү багынтканда ага арнап бир топ чыгармалар чыга баштайт. Мисалы: 1160-жылы Эзрой тарабынан шахмат жөнүндө поэма, 1283-жылы Альфонс шахмат китебин жазган. Шахматка чоң изди Филидор (1726-1795) калтырган. Филидор “пешкаларды шахматтын жаны” деп, көңүлдү пешкаларга бурган.

Шахматтын татаал жолу

Ар бир нерсенин кыйын жана татаал жолдору болот эмеспи. Ошол сыяктуу Шахматтын дүйнөгө таралышынын бир топ тоскоолдуктар да болгон. Ал тоскоолдуктардын бири болуп Христиан чиркөөлөрүнүн өкүлдөрү болгон. Христиан чиркөөлөрүнүн өкүлдөрү шахмат оюнун кумар оюну деп шахматты жоготууга  аракет кылышкан. Мындан тышкары 1161-жылы католик Дамиано, Александр экинчиге жиберген катында шахматты “шайтандын оюну” деп аны жок кылдыруусун өтүнгөн. Тамплиерлер орденинин жаратуучусу Бернар шахмат ойногондорго каршы күрөшүүгө чакырган. 1208-жылы франциялык эпископ Аид Сюлли шахмат ойногонго жана аны сактаганга катуу тыюу салган. Шахматты жок кылуучулардын катарында Ян Гус, Казимир 2, Людовик 9 жана Эдуард 4 да болушкан. 1393-жылы Регенбург соборунун өкүлдөрү тарабынан шахматка тыюу салуу алып салынган.

Шахматтын биринчи жеңичүүлөрү

Шахматтын бат өнүгүшү үчүн 819-жылы Арабияда халифа Аль-Мамун биринчи жолу Джабира Аль-Куфи, Абдылжафар Ансари, Зайраба Хатананы чакырып турнир уюштуруп өткөргөн. Бул турнир калган шахмат боюнча турнир уюштуруучулардын эшигин ачып берген десек жаңылышпайбыз. Бул турнирден кийин турнирлер уюштурула баштаган. Ал эми убакыт менен ойноо сунушу 19-кылымда киргизилген. Адольф Андерсон 1851-жылы шахмат боюнча  эл аралык турнир өткөрүлүп, ал турнирде расмий наам жоктугуна байланыштуу расмий эмес чемпион болуп калган. 1883-жылы англиялык Вилсон тарабынан убакыт бирдиги иштелип чыгып, кырк жолу жүрүү эки саатка ылайыкталган. Ушул мезгилде эл аралык турнирлер өткөрүлүп, 1886-жылы биринчи дүйнө чемпиондугун Вильгельм Стейниц Йоганн Цукертортаны жеңип, чемпиондук наамга жеткен.

Бетти даярдаган Төлөбүбү Касымалиева

Айбат гезити №149



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru