Айбат » Урмат Самудинов, милиция кызматкери: «Убагында 442 сом айлык акы менен иштеп жүрдүк»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек, Негизги » Урмат Самудинов, милиция кызматкери: «Убагында 442 сом айлык акы менен иштеп жүрдүк»

Алмазбек Атамбаев вручил ключи от квартиры сотрудникам милиции (9)

Урмат Самудинов 14 жылдан бери милицияда кызмат өтөп, бир нече мамлекеттик сыйлыктардын ээси болгон. Эми минтип таман-акы маңдай теринин аркасында батирлүү болуп отурат. Ал досторунун жана кесиптештеринин арасында да кадыр баркка ээ. Урмат мырзага өкмөт анын Ата-Мекенге кылган кызматы үчүн эки бөлмөлүү батир берди. Көп балалуу үй-бүлөө буга чейин батирден-батирге көчүп жүргөн болсо, эми жылуу-жумшак өз үйүндө жашамакчы.

- Урмат мырза бала кезиңизде кайсы кесиптин ээси болууну кыялданчу элеңиз?

– Мен  өзүм Кочкор районун Кара-Суу айылында төрөлүп өстүм. Бала кезимен эле милиция кызматкери же аскер адамы болууну кыялданчумун. Кыялым орундалып, 1999-жылы чек ара кызматында катардагы жоокер болуп өзүмдүн милдетимди өтөп келдим. Ал жактан сержант наамын алдым. Нарындагы  чек ара бөлүгүндө болуп кызмат өтөп келдим. Келип, №1 СИЗОдо контролер болуп иштедим. Андан соң ИИМде  иштеп келе жатам. Азыркы учурда милициянын капитанымын, Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгында эксперттик-криминалдык бөлүмүндө эксперт-криминалист болуп эмгектенем.

- Милиция тармагы сизди эмнеси менен тартып алды?

– Аскерден келген соң, эл-жериме кызмат өтөйүн деп милицияда иштеп калдым. Ар бир кесиптин өзүнүн кыйынчылыктары жана жакшы жактары болгондой эле, милиция тармагынын да кыйынчылыктары болду. Убагында 442 сом айлык акы менен иштеп жүрдүк. Кыйналган күндөрүм артта калды. Үйлүү болсом деген кыялдарым ишке ашты. Жакшы күндөр да болду. Көптөгөн байке, инилерди таптым. Көп жакшы адамдар менен тааныштым.

- Өзүңүздүн ишиңизде эсиңизден чыккыс окуя болгонбу?

– Албетте, андай окуялар толтура болот. Бирок, бир окуя такыр эсимен чыкпайт. Түрмөдө иштеп жүргөндө 2003-жылы болуш керек. 31-декабрь күнү күзөттө туруп калдык. Абактагылар көтөрүлүп, ичин, венасын кескендер болду. 31-декабрь күнү кесингендерди 47-оорулардын абагына алып баратканда кыйынчылыкты көрдүм. Ичин жаргандар ошол эле күнү каза болуп, алардын сөөгүн моргго алып баратсак, машинебиз бузулуп, кыштын күн, каза болгон адамды колго көтөрүп жеткирүүгө туура келди. Өзүбүз араң кетип бара жатканда милиция кызматкерлери токтотуп: «Бул эмне болгон адам?» – деп документибизди сурады. Документибиз жумушта калып калган  шашылыш чыгып кеткендигибизден албай калган экенбиз, бизге ишенбей, кошумча наряд чакыртып бизди тескөөгө алышты. Анан жетекчиликке телефон чалып атып бизди араң дегенде коё беришкен. Биз ошентип жаны-жылды дагы кайгы муң менен тоспой калган күндөр болду.

- Сиз ишке жаңы келген учур менен азыркы мезгилди салыштырсаңыз. Милиция тармагында реформа болуп атабы?

–  Реформа болду. Биз кирген жылдары Ош базарындагы радио түйүндөрдөн «Аскерге кызмат өтөп келген азаматтарды Ички Иштер органдарына кызматка алабыз» – деп кыйкырып калган. Келип, суткалап калып, 442 сом бир айга жетпей калчу. Батирден абдан кыйналдык. Аябай көп көчтүм. Милициянын жатаканасында 10 жылдай жашадык. 3-4 жерде батирлеп жашадык. Кыздарымдын да классташтары көп. Азыр мамлекет бөлүп берген батирди алганыбызга абдан кубанып турабыз. Үйдүн жанында мектеп бар экен. Алган үйүбүз да заман талабына ылайык шарттары менен экен. КРнын Президенти, Алмазбек Атамбаевге, жана Ички Иштер Министри Мелис Турганбаевге өзүмдүн жана үй-бүлөмдүн атынан терең ыраазычылык билдирем. Тынччылык өлкөдө, мамлекет үчүн таза эмгек кылып, ар бир адамдын ою оңолсун. 2005-2010-жылдагыга караганда эл милицияга ишенип калды. Эл деле митинг-пикеттерден тажап калды. Азыр тынчылыкты самаган жарандарыбыз бизге кайрылып турушат. Эл менен иштейбиз. Чакыруу болгон жерге өз убагында барыбыз. Жаштарга кайрылат элем келгиле ата-мекенибизди сырттан карап турбай жалпылап көтөрөлү. Темирдей тартип бар жерде гана өнүгүү болот.

Карачач ШАКИРОВА

Айбат гезити №149




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru