Айбат » Адахан Мадумаров: Атажуртчулардын иши саясый шоу болчу

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Адахан Мадумаров: Атажуртчулардын иши саясый шоу болчу

клоунада

“Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиевге, Садыр Жапаровго жана Талант Мамытовго карата козголгон кылмыш иши башынан эле туура эмес болчу. Мындай оюн бүгүн, 21-июнда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров билдирди.

Эскертсек, 17-июнь күнү Бишкек шаардык соту “Ата-Журт” фракциясынын үч депутатынактаган.

“Кылмыш иши козголгон сыяктуу эле биринчи жана экинчи инстанциянын чечими туура эмес болгон. Эгер кылмыш иши козголгон болсо, ал акыр аягына чейин чыгышы керек болчу. Аларга тагылган айыптар боюнча 1,5 жыл эмес, 10 жылдан көп берилмек”,- деди Мадумаров.

Ал ошондой эле анын партиясы башынан эле атажуртчуларды бошотуу талабын колдоого алганын айтты. “Депутаттар башынан эле чыга тургандыктарын билген. Аны бийлик да билген. Жөн гана оюн көргөзүп, элди алдап койду. Бизге Кыргызстанда бийлик бар экенин гана көргөзүү аракет болду. Бирок жыйынтыгы алар күткөндөй болбой калды”,- дейт Мадумаров.

URL: http://kyrgyz.vb.kg/226166



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru