Айбат » Айылына аброю жоктор

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Айылына аброю жоктор

Исаков ИсмаилЖакында болуп өткөн шайлоо бир топ саясатчылардын алардын шайлоочуларына болгон абройлорун көргөзө алды. Өз аймагынан 5 гана добушка ээ болгон Азимбек Бекназаровду өзүнүн айылынын элине анча деле аброю жок экени билинди.  Ошондо Азимбек мырзаны өзүнүн туугандары да колдогон эмес го. Болбосо, кыргыздын тууганы көп эмеспи, айылда бери дегенде эле 30-40 тууганы болсо, алардын да Азимбек мырзага болгон ою терс экенинен кабар берет. Азимбек мырзаны  кезегинде «бульдозер» деген каймана ысымда атаган менен азыр ал бульдозер пенсияга чыгып, алы кетип калгандай. Исмаил Исаков 44 добушту багындырып, Бекназаровдон кийинки орунда турат. Исмаил мырзаны генералдык чинине карап туугандары добуш беришиптир. Аида Салянова болсо Ат-Башыдан талапкерлигин коюп, миң добуштун ары-бери жагынан добуш ала алды. Аида айымды кайындары анча деле колдобойт көрүнөт же кезегинде келиндик кызматын жакшы өтөбөй койгон окшойт. Акылбек Жапаров да өз айылынан болгону 26 добушка ээ болду. Кезегинде Каржы министри болуп «10 пайыз» деген каймана атка ээ болуп, өз айылынан 10 пайызды да ала албай калыптыр ээй…

Айбат гезити №150 (16.10.2015)




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru