Айбат » Өзбек бийлигинин Кыргызстандын суу ресурстарына карата кине коюшу — негизсиз

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Өзбек бийлигинин Кыргызстандын суу ресурстарына карата кине коюшу — негизсиз

сууАдистер ишениминде, кошуна өлкөнүн Кыргызстандын дарегине кине коюшу биздин өлкөнүн энергетикалык көзкарандысызтыкка жетишине карата тоскоолдук жаратуу аракети болуп саналат.

Бир катар россиялык маалымат каражаттарында «Европа союзу — Борбор Азия» аталыштагы конференцияда суу ресурстарын бөлүштүрүү маселе каралганын жазып чыкты.

өз сөзүндө өзбекстан менен Түркменистандын башчылары Камбар-Ата ГЭСинин курулушу алардын өлкөсүнүн суу тартыштыгын жаратып, ГЭСтин плотинасы суу сактагычтын кыртышына кедергийин тийгизерин билдиришкен. Ошону менен катар Өзбекстандын тышкы иштер министрлиги бир билдирүүсүндө биздин сууларды энергетикалык максатта эмес, сугат иштеринде гана пайдалануу керектигин баса белгилеген.

Суу маселелери жана гидроэнергетика боюнча институттун директору Дүйшөн Маматкановдун айтымында, өзбекстан президентинин биздин дарекке айткан кинеси негизсиз.

– Биринчиден, Камбар-Ата ГЭСиндеги суунун көлөмү 5 млрд. куб/метрден ашпайт. Анын этек жагында Токтогул суу сактагычы турат, анда 19,5 млрд. куб/метр суу батат. Андыктан, Нарын дарыясындагы сууну сапаты, жаңы ГЭСтердин курулушу кошуна өлкөлөргө кедергисин тийгизбейт, – деп маалымдады «Вести.kg” сайтына Маматканов.

Өзбек бийлигинин айыптоосуна токтолгон Институттун директору муну алардын ыдык көрсөтүү аракети катары баалады.

– Менимче, алар биздин мамлекет бир ордунда туруп, өнүгүшүн каалашпагандай. Ошондой эле Совет доорунда суу пахта аянттарына көбүрөөк колдонулчу. өзбектер азыркы учурда дагы сууну ошондой пайдалангысы келишкендей, – деп баса белгиледи Маматканов.

Окумуштуу 1994-жылы Аралды сактоо боюнча фонд түзүлүп, анда Орто Азия өлкөлөрү боюнча суу бөлүштүрүү боюнча квота киргизилгенин эске салды.

Так ошол макулдашууга такап өзбектер бизге кысым көрсөтүүдө, ошол эле маалда казак бийлиги дагы бизден сугат иши үчүн суу талап кылууда. Бирок, чындыгында биз эмес, Аралды алар соолутушкан. Казакстанга келсек, ал бизден сууну бекер алышып, өз жарандарына сатышууда. Суу — товар экенин, аны казактарга гана эмес, башкаларга да сатыш керектигин түшүнүү зарыл. Ошентсе да, бул маселеде биздин өкмөттүн катаал чечими керек. Бирок, өкмөт унчукпай отурат. Мамлекеттин реакция жасабагандыгы башкалар тарабынан пайдаланылып, көйгөйдүн андан ары жогорулашына жол ачат, – деди Маматканов.

Булак: «Вести» сайты

Айбат гезити №150 (16.10.2015)




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru