Айбат » Салымбеков «андайга» барбайт эле…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Салымбеков «андайга» барбайт эле…

Аскар СалымбековШайлоого катышкан 14 партиянын бири “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” Кочкор районунун Кара-Суу айылына берген спорт аянтчасын кайтарып алуу оюну болуп жатыптыр. 4-октябрдагы шайлоодо “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясына Кочкор районундагы Кара-Суу айылындагы 885 шайлоочунун 34ү добуш берген. Айыл жаштары жергиликтүүлөр партия добуш албай калган үчүн мурда берген белегин жула качкысы келди деген ишенимде болушууда. Бирок аянтчаны берип жатканда шайлоодо мынча добуш алып бересиңер деген сөз болбогонун аталган айылдын жаштар уюму айтып жатат. Салымбеков андайга барбайт эле, бул ишти райондук балдар жеңилүү ызасын тартып, берген футбол килемин кайтарып алууну талап кылып жатышкан го. Болбосо, Салымбеков аянт килемчесине муктаж беле? Алдыда дагы далай шайлоолор болот буюрса. 5 жыл деле көз ачып жумганча өтүп кетет, анан кайра эле шайлоочулар тагдыр чечкен учур келет.

Айбат гезити №150 (16.10.2015)



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru