Айбат » Илим Карыпбеков, КТРКнын генералдык директору: “Оксана Малеваная менен иштешкем”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Илим Карыпбеков, КТРКнын генералдык директору: “Оксана Малеваная менен иштешкем”

Илим КарыпбековКТРКнын генералдык директору  Илим Карыпбековго кээ бир кызыккан суроолорубузду берип, жооп алдык.

- Акыркы убактарда Нурдин Мотуев жердешиңиз сиз жөнүндө терс пикирлерин айтып жатат. Экөөңөрдүн нааразычылыгыңар эмнеден улам пайда болду эле?

– Менин ал кишиге эч кандай нааразычылыгым жок. Ал кишинин нааразычылыгы болсо, КТРКдан жумуштан алып салууга туура келди эле, ошондон улам чыгып атса керек. Жумушта иштеп жатканда эч кандай жердешчилик, тууганчылык, жакынчылык болбошу керек. Жумушта так аткарылган жумуш гана болушу керек.

- Сизди Оксана Малеваная менен иштешкен деп жүрүшөт. Бул маалыматтын канчалык деңгээлде чындыгы бар?

– Ал киши Президенттин Катчылыгынын жетекчиси болуп иштеп жатканда мен Катчылыктын Кызматташуу боюнча кызматынын жетекчиси болуп иштегем.

- Быйылкы жылкы шайлоонун жүрүшүн КТРК абдан жогорку деңгээлде чагылдыра алды. Теледебаттар да жогорку деңгээлде өттү. Албетте, бул жакта сиздин кесипкөйлүгүңүз так жана даана көрүндү. Жакынкы аралыкта дагы кандай жакшы жаңылыктарыңыздар менен элди таң калтырайын деп жатасыздар? Негизи эле КТРКга келгенден бери кандай реформаларды жүргүзүп, кандай жакшы иштерди жасай алдыңыз?

– Рахмат! Бул жалпы КТРК жамаатынын кылган иши, аракети, ийгилиги! Биз дагы абдан кубанычтабыз! Биздин максат элди таң калтырышта эмес, биздин максат элге татыктуу кызмат кылып, КТРКны кызыктуу, сапаттуу, жаңы талаптарга, чакырыктарга жооп бере турган ТВ жана радиокорпорация кылуу! Жакынкы аралыкта “Спорт” жана “Ала Тоо 24” каналдарынын ачылышы күтүлүп турат. Өзгөрүүлөр болуп жатабы же жокбу ага телекөрүүчүлөр, радио угуучулар баа бергени туура деп ойлойм. Ал эми КТРКда бүгүнкү күнү ар бир кызматкер болгон күч аракетин жумшап иштеп турган учуру. Сөзсүз биз менен чогуу биздин ийгиликтерге жана жакшылыктарга жакын арада күбө болосуздар деп ишендирип кетмекчимин!

Төлөбүбү Касымалиева

Айбат гезити №150 (16.10.2015)




Башка окшош макалалар:

1 комментарий

  1. Илим, каяктагы Ала-Тоо24 айтып жатасын, Ала-Тоо редакциясын эшектей иштетип бир тыйын бербей отурасын, умут сенде эле жаш келди жаштарды тушунот деген. Популизм менен алек болгондон башка эмне кылып жатасын?

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru