Айбат » Жоругу жолдо калган Маданият министри же Алыкул Осмонов жазуучу болгондо…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Жоругу жолдо калган Маданият министри же Алыкул Осмонов жазуучу болгондо…

Алтынбек Максүтов30-сентябрда Анкарада кыргыздын улуу акыны Алыкул Осмоновдун тандалма ырлар жыйнагы «Мен кыргыздын акыны» («Ben sairi Kirgiz’in») деген ат менен түрк тилинде жарык көрдү. Китеп акындын 100 жылдык мааракесинин урматына Түрк тилдүү элдердин маданияты эл аралык уюму ТҮРКСОЙ жана Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилиги тарабынан чыгарылган. ТҮРКСОЙ Баш катчысы Дүйсен Касеинов китепке жазган баш сөзүндө Алыкул Осмоновду түрк дүйнөсүндөгү Абдулла Тукай, Магжан Жумабаев, Микаил Мушфик, Жахит Сыткы Таранжы сыяктуу аз өмүр жашап, анткен менен, улуттук адабияттын классиги катары даңазаланган акындардын катарында экендигин баса белгилеген жана акындын китебин түрк тилинде чыгаруу аркылуу Алыкул Осмонов менен сыймыктануу салты эми түрк дүйнөсүндө уланса деген аздек тилегин билдирген. Алыкул Осмоновдун түрк тилинде биринчи жолу жарык көргөн «Мен кыргыздын акыны» («Ben sairi Kirgiz’in») тандалма ырлар жыйнагын акын К. Кулуев түзүп басмага даярдаган жана ырларды түрк тилине түрк акындары Кенан Чарбога менен Ибрагим Түркхан которгон.

Кыргызстандан атайын делегация учуп барган эле. Баргандар Алыкул Осмоновдун ырларын окуп, түркчө ырларын айтышып, докладдарын окушту. Анан эле Этимесгут шаарындагы сый тамакта биздин Маданият министрибиз Алтынбек Максүтов мырза сөз сүйлөп атып Алыкул Осмоновду «кыргыздын жазуучусу» дептир. Алыкул Осмоновдун «Мен кыргыздын акыны» деген китеби эле анын ким экенин айтып турбайбы. Же Максүтовдун мээсине ошол маалымат да батпай калганбы? Мурунку маданият министрлери Саякбай Каралаевди композитор дегенде эле таң калбай калганбыз. Ага чейинки министр Гүлмайрам Момушева «18 жаш» деген ырды ырдайт деп тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калган болчу. Деги бизге маданиятка качан мыкты министр келет. Булар биздин маданиятыбызды өнүктүрбөй эле чөктүрүп жатышат. Жок дегенде чет жактарга чыкканда өзү билбесе, билгендерге сүйлөй турган сөзүн жаздырып алып, кагаздан окубайбы. Мамчиновниктерге сөз жазып, аны окуп жүрүп көнүп бүтүшүптүр да. Министрлерибиз чабал болуп жатса, кайдагы маданият, кайдагы экономика ж.б. тармактарыбыз өнүгөт?

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №150 (16.10.2015)




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru