Айбат » КРУБ: Валюталар курсу дароо өзгөрө баштаганда, акча алмаштырууга шашылбаш керек

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » КРУБ: Валюталар курсу дароо өзгөрө баштаганда, акча алмаштырууга шашылбаш керек

долларИнфляция ар бир адамдын жүрүм-турумунан көз каранды, деди, 15-октябрда журналисттерге КР Улуттук банкынын экономика башкармалыгынын жетекчиси Сейилбек Урустемов.

«Валюталар курсу дароо өзгөрө баштаганда, сиз бул жаата профессионал же адис болгуча акча алмаштыруучу жайларга шашылбаш керек», – деди С.Урустемов.

Эксперт, акча каражаттарды, эгерде чыгымдар улуттук валютада жүргүзүлсө сом менен эле кармоону сунуштады.

«Баш оорубайт, сизди бул нерсе кызыктырбайт дагы. Эгерде сизде доллар менен дагы чыгымдар болсо, универсалдуу ыкма: бардык жумурткаларды бир себетте сактабагыла. Бөлүштүргүлө: үчтөн бир бөлүгүн сом менен, үчтөн бирин долларда, жана калган үчтөн бирин дагы башка валютада кармагыла. Ошондо курс өзгөргөндө сиз кайсы бир жерден утасыз, кайсы бир жерден утуласыз. Өзүңөрдүн рационалдуу күтүүлөрдү түзүп алгыла», – деп кеңеш берди ал.

Айбат гезити №150 (16.10.2015)



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru