Айбат » Нарынбаев/Коркмазов иши: Сотто КСДП лидери Ч.Турсунбеков суракка алынды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Нарынбаев/Коркмазов иши: Сотто КСДП лидери Ч.Турсунбеков суракка алынды

Чыныбай Турсунбеков, фондо Коркмазов15-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Нариман Түлеевдин кызынан пара сураган деп айыпталып жаткан президенттик Аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менен ЖКнын «Ата Журт» фракциясынын депутаты Хаджимурат Коркмазовдун ишин короо боюнча cот процесси өттү.

Соттук отурумда ЖКнын КСДП фракциясынын депутаты Чыныбай Турсунбеков суракка алынды.

Анын айтымында, 2015-жылдын март айынын башталышында ал чынында Д.Нарымбаев менен экс-мэрдин кызы Назгүл Түлееванын жолугушуусуна күбө болгон.

«Мен Нариман Түлеевдин жердешимин. Мүлктөр маселеси боюнча Нарымбаев менен жолугушканга чейин Назгүл, мүлктөр мыйзамсыз камакка алынганын билдирди. Алар арыз жазышып, мен өзүмдүн коштомо катым менен чогуу аны Д.Нарымбаевге жөнөттүм. Кийин мени жолугушууга бир нече жолу чакырышты, бирок менин колум бошобой бара алган жокмун. Үчүнчү жолу мени кайрадан чакырышты. Ошондо Нарымбаев менен Түлееванын жолугушуусуна катыштым. Анда ал (Нарымбаев) арыз каралып жатканын жана чечимди сот гана чыгарарын айтты», – деди ал.

Прокурордун, эмне үчүн Нарымбаев менен Түлееванын жолугушуусу болушу керектигине кызыкдар болгону жөнүндө суроосуна, ал депутат жана Түлеевдин кесиптеши экенин, ошондой эле жердеши экенин айтып жооп берди.

«Шайлоо жакындап калган. Нарында эл менен жолугушууда элдер Түлеевдин иши боюнча сурамак. Мен анын жердеши жана кесиптеши катары иштин жайын билишим керек эле. Дал ошол себептен мен Нарымбаевге кайрылгам», – деп жооп берди Турсунбеков.

Депутат ал катышкан жолугушууларда, Түлеевге ырайым кылуу жөнүндө сөз болбогонун белгиледи.

Айбат гезити №150 (16.10.2015)




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru