Айбат » Россияга төө бурчакты сатуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Россияга төө бурчакты сатуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө

Төө бурчак жыйнооКыргызстанда өндүрүлгөн төө бурчакты сатуу үчүн Россиянын Айыл чарба министрлиги менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул тууралуу КРнын Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

“Өзүңөр билгендей Кыргызстанда төө бурчак көп колдонулбайт. Көбүнчө сыртка экспорттоп келебиз. Башкача айтканда Түркияга экспорт кылабыз. Алар былтыр 19,3 пайыз бажы төлөмүн киргизишкен. Ошондон улам төө бурчактын баасы төмөн болууда. Бирок, бул маселени чечүү боюнча Түркиянын айыл чарба министрлиги менен сүйлөшүүлөр болду жана бизге экспреттери келип кетишти. Ошондой эле эл аралык биржада төө бурчактын баасы төмөн болуп жаткандыгына байланыштуу, бизде анын баасы арзан болууда. Учурда бул маселени чечүү үчүн атайын аракеттер көрүлүүдө. Башкача айтканда, Россиянын айыл чарба министрлиги менен да сүйлөшүп жатабыз”,-дейт Э.Чодуев.

“Биз дыйкандарга төө бурчактын баасы былтыркы жылдагыдай арзан баада болуп калбашы үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүбүзгө карабай, баа көтөрүлүп калар деген үмүттө дыйкандар кайрадан эле эгишти. Бирок, былтыркы жылга салыштырмалуу төө бурчактын түшүмдүүлүгү бир аз азыраак болду. Тагыраагы, быйыл 82-85 миң тонна түшүм жыйналды”, -деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, ушу тапта Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Кызыл-Адыр айылынын тургундары төө бурчактын баасы арзандап кеткенине нааразы экендиктерин айтышып, митингге чыгышканы ЖМКларда айтылууда.

Айбат гезити №150 (16.10.2015)




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru