Айбат » Сагындык Өмүрбаев – Ар кыл мезгилди, түркүн окуяны кучагына алган жазуучу

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Сагындык Өмүрбаев – Ар кыл мезгилди, түркүн окуяны кучагына алган жазуучу

Сагындык Өмүрбаевдин бюстуКыргыз Республикасынын эл жазуучусу Сагындык Өмүрбаевдин туугандары бюстун орнотту. Бюстун ачылыш аземи  14-октябрда Нарындын Кочкор районундагы Кочкор айылында өттү, деп билдирди Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы.

Жазуучунун 85 жылдык мааракесине карата жасалган бюст Кочкор айылындагы «Сейил» эс алуу багына орнотулду.

Иш-чарага жазуучунун уулу – медицина илимдеринин кандидаты, доцент Алмаз Өмүрбаев, кыздары Нургүл, Жыпара, Бакыт, Жылдыз жана Жыргал Өмүрбаевалар, небереси Бермет Иманалиева жана башка туугандары катышты. Ошондой эле маданият, маалымат жана туризм министринин орун басарыБактыбекСекимов, Кыргызстандын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Тынчтыкбек Нурмамбетов, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, акын Меңди Мамазаирова жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Сагындык Өмүралиевдин чыгармачылыгнан көз ирмем.

(Кочкор районунун Аккудук айылында 1930-жылы туулган – 1999) – жазуучу. Кыргыз. эл жазуучусу (1991). 1951-ж. КМПИнин тил, адабият факультетин бүткөн. Чыгармачылыгын 1948-ж. ыр жазуудан баштаган. Чакан аңгеме, түрмөк ырлары республикалык газета-журналдарга, жыйнактарга чыккан. Алгачкы ыр китептери «Тынчтык нуру» (1954), «Айна» (1957) Ата Мекен, тынчтык жөнүндө. Андан кийин ар жанрда ондогон китептери (ыр, аңгеме, очерк, публицистика, повесть, көп котормолору өз-өзүнчө жыйнак болуп чыккан. Өзгөчө, эл башына келген эки кыйын кезеңди – 1916-жылдагы Үркүндү, 1941–45-жылдардагы согуш коогалаңын баяндаган «Бороондуу күндөр», «Телегей» романдары менен С.Өмүрбаев  журтчулукка кара сөз чебери катары таанылган. С.Өмүрбаев прозаларында сюжетти кызыктуу куруп, образдарды таасын ачып, мүнөздөрдүн жеке сапаттарын соц.фондо чагылдырат. Ушул маанайдагы анын ар кыл тема, ар кыл мезгил, түркүн окуяны камтыган жети романы бар: «Бороондуу күндөр» (1963), “Телегей» (1965), «Көк жайык» (1978), «Өзгөргөн өрөөн» (1982), «Өрттүү кечүү» (1984), «Жер эне» (1986), «Кер өзөн» (1989). Көпчүлүк романдары орус ж. б. тилдерге которулган. Ал К. Чуковский, С. Михалков, Гамзат Цадаса, Г. Гулям, И. Попов ж. б. чыгармаларды кыргыз тилине которгон. Өндүрүштүк тема согуштан кийинки совет адабиятындагы магистралдык темалардан болгон. Соц Эмгектин Баатыры, чабан аял Телегей Сагымбаеванын турмушунан алып жазылган Өмүрбавдин “Телегей” романы ушул темада жазылган кыргыз прозаларынын катарында алдыңкы, көрүнүктүү орундардын биринде турат. Романда жазуучу негизги көңүлүн башкы каармандын психологиясын, татаал адамдык тагдырын ачып берүүгө бурат. “Ураандуулук”, “плакаттуулук” анча сезилбейт. Анын ордуна психологиялык башталмалар көбүрөөк байкалат. Телегей “Эмгек баатыры” ардак наамына оңой-олтоң эле жетише койбойт. Ал өз башынан бир топ катаал турмушту кечирет. Мына ошол процесстердин бардыгы романда таасирдүү, көркөм чагылдырылган. Өмүрбаевдин “Бороондуу күндөр” романында согуш мезгилиндеги бир өрөөндүн элинин турмушу сүрөттөлөт. Эркектердин баары майданга кетип, айылда карыган чал-кемпирлер, аялдар, жаш балдар калган кезде согушка барбай жашырынып жүргөн Карач, Дербиш, Чомор, Даки, Тынай өздөрүнчө уюшуп алышып, коомдук мүлккө кол салып, бир айыл элди, кала берсе районду бушайман кылышат. Качан гана Бердиш майдандан келип, колхоздун башкармалыгына көтөрүлгөндөн тартып, качкындар жеңилишке мажбур болушат. Романда катышкан каармандардын образдары типтүүлүк даражасына көтөрүлүп, мүнөздөрү ачылган “Өзгөргөн өрөөн” романында жазуучу башкы каарманы Адыл Акбаевдин прототиби катары Социалисттик Эмгектин Баатыры К. Акназаровду алган. Жазуучу бул эмгекчил, ишмер адамдын турмуш жолуна, мыкты сапаттарына таянып, тарбиялык-таасирдүүлүк мааниси жогорку образды түзгөн. А түгүл айрым учурларда негизги сюжеттик канвадан четтеп, “жайылып” кеткен эпизоддор да кызыктуу, ширелүү тил м-н жазылгандыктан, окурмандардын кызыгуусун жандырат.

 

Жарык көргөн китептери:

Кыргыз тилинде

Үч акындын ырлары.  134 б.- Ф.:Кыргызмамбас, 1954. –

Тынчтык нуру:  96 б.- Ф : Кыргызмамбас, 1954. -Ырлар.

Жеңишбектин жолдоштору:  70 б.- Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1956. -Повесть.

Айна:  89 б.- Ф.: Кыргызмамбас, 1957. -Ырлар жана поэмалар.

Көктөмдөгү кыштак:  191 б.- Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1959. -Повесть.

Бороондуу күндөр:  467 б.- Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1963. -Роман.

Tелегей:  335 б.-Роман. – Ф.: Кыргызстан, 1965.

Жерге жазылган диссертация.  34 б.- Ф.: Кыргызстан, 1970. –

Балаты:  91 б.- Ф.: Мектеп, 1972. -Ырлар, котормолор

Бороондуу күндөр:  658 б.- Ф.: Кыргызстан. 1972. -Роман.

Телегей:  351 б.- Ф.: Кыргызстан, 1974. -Роман.

Эмгек эрлери:  135 б.- Ф.: Кыргызстан, 1974 -Очерк.

Көк жайык:  63 б.- Ф.: Кыргызстан, 1978. -Повесть жана роман.

Телегей:  348 б.- Ф.: Кыргызстан, 1980. -Роман.

Адылбек:  200 б.- Ф.: Мектеп. 1981. -Повесттер, аңгемелер.

Өзгөргөн өрөөн:  432 б.- Ф.: Кыргызстан, 1982. -Роман.

Өрттүү кечүү:  304 б.- Ф.: Кыргызстан, 1984. -Роман.

Жер эне:  360 б.- Ф.: Кыргызстан, 1986. -Роман.

Жеңишбектин жолдоштору:  70 б.-Повесть. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1956.

Айна:  89 б.- Ф.: Кыргызмамбас, 1957. -Ырлар жана поэмалар.

Көктөмдөгү кыштак:  191 б.- Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1959. -Повесть.

Бороондуу күндөр:  467 б.- Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1963. -Роман.

Орус тилинде

Бурные дни:  284 с.- Ф.: Кыргызстан, 1969. -Роман.

Телегей:  248 с.- М.: Сов. писатель, 1977. -Роман.

Буран:  439 с.- М.: Сов. писатель, 1981. -Роман.

Обновленная земля:  313 с.- М: Сов. писатель. 1987. -Роман.

 

КОТОРМОЛОРУ

Чуковский К.  80 б.- Ф.: Кыргызмамбас, 1953. -Доктор Айболит.

Хан-Серя.  146 б.- Ф.: Кыргызмамбас, 1954. -Аңгемелер.

Гулям Гафур.  172 б.- Ф.: Киргизгосиздат, 1955. -Ырлар жана поэмалар.

Бирма акындары.  47 б.- Ф.: Кыргызмамбас,1958. –

Гамзат Цадаса.  Ф.: Кыргызмамбас, 1960. – 150 б.-Өмүрүм: Поэмалар, ырлар, тамсилдер жана жомоктор.

Попов И.  73 б.- Ф.: Кыргызмамбас, 1960. -Үй-бүлө: Пьеса.

Михалков С.  148 б.- Ф.: Кыргызмамбас, 1963. -А силердечи?: Ырлар.

Михалков С.  83 с.- Ф.: Мектеп, 1967. -Менин досум.

Хакас ырлары.  77 б.-– Ф.: Кыргызстан, 1967.

Миртемир.  113 б.- Ф.: Кыргызстан, 1968. –

Миртемир.  115 б.- Ф.: Кыргызстан, 1968. -Ырлар.

Михалков С.  5 б.- Ф.: Мектеп, 1976. -Ырлар.

Михалков С.  88 б.- Ф.: Мектеп, 1979. -Ырлар.

Михалков С. 72 б.- Ф.: Мектеп, 1983. -Тамсилдер, жомоктор, ырлар.

Михалков С.  32 б.- Ф.: Мектеп, 1986. -Жомок

Айбат гезити №150 (16.10.2015)




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru