Айбат » Адил Назаров, “Баатыр ордо” коомунун төрагасы: Илимдин деңгээли төмөн болсо ошол жерде – терроризм

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Адил Назаров, “Баатыр ордо” коомунун төрагасы: Илимдин деңгээли төмөн болсо ошол жерде – терроризм

Адил НазаровАкыркы учурдагы өлкө ичинде террористтик топтордун кескин көбөйүп баратканы байкалууда. Ушул багытта “Баатыр ордо” коомунун төрагасы Адил Назаров мырза менен ой бөлүштүк. 

- Сиз алып барып жаткан “Баатыр ордо”коому эмне менен алектенип жатасыңар?

– Коомдун атын “Баатыр Ордо” деп бекеринен койгон эмеспиз. Кыргызды илгертеден баатырлар сактап келген, ошондуктан баатырчылыкка өтө чоң маани берген. Тарыхта жалаң баатырлардын аты калган. Баатырлар бар үчүн кыргыз бар. Ошондой эле, арабызда баатырлар көп деп ишенебиз. Бирок, азыркы убакыт жоонун заманы эмес, кылыч найза алып мекенди коргоого зарылчылык жок. Кудай сактасын, анын бетин аары кылсын, бирок андайга да баатырларыбыз көп деп ишенем. Биздин түшүнүктө баатырчылыкты экономика, медицина, илим тармагында деле азыр көрсөтсө болот. Биздин уюм жөнүндө айтып кетсек, мекенибиздин келечегине кайдыгер карабаган ишкерлер түптөгөн, арабызда укук коргоонун дагы кызматкери бар, учурда иштебей калган. Сот тармагында реформа керектигин айтып чыкканбыз, сот бошотуп ийген кылмышкер-рецидивист, курал ташыган курьер Саяпин, милиция кызматкерин өлтүрүп койгондо акцияларды өткөргөнбүз. Майдын аягында 98 депутат 3-окутуусунда бекемделген мыйзамга каршы чыгып ак үйдүн алдында митинг өткөрдүк. Бул мыйзам боюнча 1-класстан баштап биздин балдарды сексуалдык окутууну милдеттүү түрдө окутмак. 500 миң китеп биздин басмаканалардан басып даярдалынып бүтүп коюптур, каржы батыштан келиптир деп, – жашыруун булактан бизге малымат келди. Азыркы убакытка чейин бул мыйзам күчүнө келген жок. 7 жаш эрте, бул биздин менталитетке сыйбайт, 14 жашка чыкканда маалымат берсе деле жаман эмес деп, айттык. Акыркы биздин акциябыз Келдибеков тууралуу болду: Келдибеков күнөөлүү болсо, камагыла, күнөөсү жок болсо, ишти ким козгосо ошолорду камагыла деп, айттык.

- Кыргызстанда террордук топтор күчөп бара жатат сиздердин көз караш?

– Илимдин деңгээли төмөн болсо ошол жерде – терроризм. Биз бул көрүнүштүн себеби менен күрөшүш керекпиз. Мамлекеттик органдар түз иштесе, укук сактоо органдар түз иштесе мындай көрүнүш болбойт эле.

- Мамлекет менен динди аралаштырбай кантип өлкөнү өнүктүрсө болот?

– Мамлекет менен дин бөлөк болуш керек. Бул тарыхтан чыккан нерсе. Орто кылымда инквизиция менен индульгенцияны жараткан. Менин байкашымда азыр мечиттердин саны мектептин санынан ашты. Көп адамдар балдарына академиялык билим бербей мечит, медресеге жиберишет. Бирок, өзүбүз-өзүбүздөн сурайлы, баарыбыз эле молдо болуп кетсек, анан врач, мугалим, инженерлерди ким даярдайт? Менин оюмча динди мамлекет колго албаса жанагы экстремистик топтор көбөйөт, жаштар даваттын чынын калпын азырынча билишпейт. Ошондуктан көзөмөл керек. Бирок, аша чаппашыбыз керек.

Айбат гезити №150 (16.10.2015)



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru