Айбат » Алмаз Ибраев, Чыгыш университетинин ректору: “Биздин университет башынан эле таза билим берүү жана билим алуу саясатын жүргүзүп келет”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Алмаз Ибраев, Чыгыш университетинин ректору: “Биздин университет башынан эле таза билим берүү жана билим алуу саясатын жүргүзүп келет”

Алмаз ИбраевБилими жактан жогору турган Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин ректору Алмаз Ибраев мырза менен университеттин ийгиликтери туурасында маек курдук.

- Алмаз мырза, Чыгыш университетин жетектегениңизге канча убакыт болду?

– Ректорлук кызматта 2011-жылдан бери эмгектенип келе жатам, бирок иш жүзүндө Университет менен 1999–жылы окуу жайдын пайдубалы түптөлгөндөн тартып мамилем бар.

- Сиз жетектеп баштагандан тартып, университетте кандай реформаларды жүргүзө алдыңыз?

– Азыркы күндө ЖОЖдор ортосундагы атаандаштык абдан күчтүү экендиги талашсыз. Заман талабына жооп берген, татыктуу билим ээсин тарбиялап чыгаруу биздин алдыга койгон максаттарыбыздын бири. Ошондон улам, Чыгыш университетинин студенттерин ыйман-ынсаптуу таалим-тарбия менен бирге төрт тилде эркин сүйлөй алган интеллектуалдык деңгэээли жогору, кесипкөй адис болуп калыптандырып чыгарууга кылган аракетибиз зор.

Алмаз Ибраев жана араб

- Ректор катары эл аралык мамилелер боюнча университеттин деңгээлине кандай баа бересиз?

– Чыгыш университети 2011-жылдан тартып,  эл аралык аренада алдыңкы орундарды ээлеп келүүдө. Чет өлкөдөгү билим берүү мекемелери менен тажрыйба алмашуу, өнөктөштүктө иш алып барган жогорку окуу жайлары жана уюмдар менен түзүлгөн келишимдердин макулдашуусунун негизинде жүргүзүлөт.   Бүгүнкү күндө биз төмөнкү уюмдар менен ийгиликтүү кызматташуудабыз: Ислам дүйнөсүнүн Университеттеринин Федерациясы; Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын Ассоциациясы; Хитит университети “Мевлана алмашуу программасы”; Кастамона университети (Түркия); Казакстан Республикасынын Чет тилдер жана ишкердик карьера университети;  Прогрессивдүү демилгелер фонду; Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги;  Л.Н. Гумилев атындагы Евразия Улуттук Университети  (Астана); №1 гимназия – интернат; КТУ Манас университети; Карабук университети; Кочман университети; Вадим Гетьман атындагы Киев Улуттук экономикалык университети; Ислам Экономикасы, Финансы жана Индустрияны өнүктүрүү Ассоциациясы; Малайзия университети; Шарджа университети; Катар университети; Европа университети.

Алмаз Ибраев конференцияда

- Университеттин азыркы абалы кандай?

– Чыгыш университетинде үстүбүздөгү окуу жылдан тартып,  3 факультет иш алып барып жатат: араб тили жана педагогика, гуманитардык билимдер, экономика жана укук , алар 10 адистик багыттагы бакалаврларды даярдоо боюнча билим берүү программаларын ишке ашырат:

Финансы жана кредит;

Бухгалтердик эсеп, жана аудит;

Журналистика;

Менеджмент;

Араб тили жана адабияты;

Лингвистика;

Юриспруденция;

Бизнес-информатика.

Быйыл университетте дагы үч багыт ачылды: “Эл аралык мамиле” жана “Педагогика”, “Лингвистика”.

Жаңы 2015-2016-окуу жылында ЖРТ(ОРТ) боюнча эң жогорку балл алган абитуриенттерди жеңилдетүү менен кабыл алдык: алардын ону 100 жеңилдик менен, 35 абитуриент 50 жеңилдик менен окушат.  Чыгыш университети өзүнө 2015-жылдын сентябрынан тартып, “Билим берүүнүн Болон парадигмасынын принциптери боюнча билим берүүнү” киргизген.  “Академиялык кредиттер” системасын (баллдардын системасы) киргизилди.  Ал студенттин алган  билимин баалоону мындан дагы айкын, обьективдүү кылат. Ал эми алардын балл топтоочу мүнөзү предметтерди окуудагы үзгүлтүктөн кийин кайра тапшыртпастан, мурдагы болгондорго кошо жаңы кредиттерди кошуп, билим алууну улантууга  мүмкүндүк берет. Адистерди даярдоодо бул эффективдүү натыйжа берет деген ой бар.

Студентер Чыгыш университетинде алган адистиктерге кошумча араб жана англис тилин дагы үйрөнүп чыгышат. Араб тилин үйрөтүүдө чет өлкөдөн келген илимдин докторлорунун  сабак бериши да өз натыйжасын берип жатат.

Алмаз Ибраев жана араб

- Сиздердин университетти аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн жумуш орду менен камсыз болушу тууралуу маалыматка токтоло кетсеңиз?

– Учурда Чыгыш университетин бүтүргөн жаштардын 70-80 пайызы жумуш орду менен камсыз болушат. Биздин бүтүрүүчүлөр Кыргызстандын жогорку бийлик бутактарында, мамлекеттик мекемелерде, жогорку окуу жайларда, ишканаларда иштебестен, чет өлкөлөрдө да иштеп жатышат.

- Өзүңүз жаш болсоңуз да, ректорлук кызматтагы ишмердүүлүгүңүздү Республикалык деңгээлде баалагандар бар. Ректорлук кызматка чейин кайда иштегенсиз?

– 1998-жылдан тартып “Социалдык реформалардын коому” эл аралык кайрымдуулук уюмунун Кыргыз бөлүмүнүн Коомдук бирикмесинде референт-катчы болуп иштегем. Ошол эле уюмда 2004-2005-жылдары Президенттик кызматты аткардым. Андан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттер аралык байланыштар жана эл аралык мамилелер боюнча Комитетте 2006-2007-жылдары консультанттык кызматта эмгектендим. 2007-жылдан 2008-жылга чейин мен “Зеленый колос” коомдук фондунун долбоорунун координатору жана андан кийин эки жыл бул фонддун Президентинин кызматында турдум. 2011-жылдан азыркы мезгилге чейин Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинде ректорлук кызматын аркалап келе жатам.

- Коррупцияга аралашпаган жалгыз университет катары кадыр-баркыңар бар. Кантип бул абалды сактап келе жатасыз?

– Биздин университет башынан эле таза билим берүү жана билим алуу саясатын жүргүзүп келет. Эгер коррупцияга аралашса анда эч ким эч качан ийгиликке жетпейт. Университетте коррупцияга каршы комиссия түзүлгөн. Милдети –  билим берүү процессинде, сессия убагында паракорлукка жол бербөө.  Ошол менен бирге, биздин окуу жайыбызда бир уя бар, ал – ыйман уясы. Университетте атайын гумандуулук багытындагы ыйман ынсап кодекси университет түптөлө баштагандан тартып кабыл алынган. Анда студенттердин жана окутуучулардын да жүрүм туруму камтылган. Адамда ыйман бар болсо,  анда жоопкерчилик да болот, ал эми жоопкерчиликтен өткөн улуу нерсе болбойт: өзүңдүн алдыңдагы жоопкерчилик, эл – журт  алдындагы жоопкерчилик,  кудай алдындагы  жоопкерчилик.

- Университеттин азыркы жетишкендиктери туурасында да кененирээк айтып кетсеңиз?

– 15-жыл ичинде Чыгыш университети улуттук масштабдагы кубаттуу илимий-билим берүүчү комплекске өсүп жетти. Университеттин материалдык базасы бекемделди, илимий изилдөөлөр өнүгүп жатат, профессордук-окутуучулук курамдын квалификациясы жогорулады, адистиктердин номенклатурасы жаңыланды. Университет көп нерселерди жасай алды, ошентип ал азыркы учурда студенттердин жана окутуучулардын потенциалын өнүктүрүүнү камсыз кылуучу  тиешелүү өркүндөтүлгөн инфраструктуралуу билим берүүнүн заманбап борбору болуп эсептелет. Университет замандын талабына ылайык жабдылган медиа, спорт жана конференц комплекстерине ээ.  Университеттин эл аралык байланыштары 20 дан ашуун чет өлкөлүк  ЖОЖдор, илимий-техникалык борборлор, фирмалар, компаниялар менен кызматташтык жөнүндөгү келишимдер менен бекитилген.

Университеттин сыйлыктары:

Университеттин аты Кыргызстанга гана эмес, билим берүү тармагындагы эл аралык уюмдарга да таанылууда.

  • Алсак, 2010-жылы октябрь айында Улуу Британиянын Оксфорд шаарынын мэриясы тарабынан Чыгыш университетине Батыш өлкөлөрүнө Чыгыш маданиятын кеңири таанытууга салым кошуп келе жаткандыгы үчүн жана университеттин окуу методикасынын өзгөчө болгондугуна байланыштуу Эл аралык «Пальмира жылдызы» сыйлыгы берилген.
  • Ошондой эле Швейцариянын Монтре шаарындагы Эл аралык ишмерлердин клубунун чечими менен 2011-жылы Эл аралык «Европалык сапат» сыйлыгы ыйгарылган.
  • «Кереге» гезити тарабынан: окутуу сапатына мыкты көнүл бурган, чет өлкөлөр менен тыгызбайланышта иш алып барган жана эч кандай коррупциясыз билим берген окуу жайы катары «Кыргызстандагы мыкты университети» деп табылган.

Студенттердин жетишкендиктери:

  • «Кыргызстандын жаштары» улуттук программасын ишке ашыруу максатында, Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Маданият башкармалыгы тарабынан «Бишкек жазы-2012» аталыштагы студенттер арасындагы чыгармачылыкка арналган фестиваль өткөрүлгөн. Фестивалда ар кайсы багыттагы таланттуулар тандалып, Чыгыш университетинин студенттери Гран-прини жеңип алган. Ошондой эле 2012-КМШ өлкөлөрү арасында өткөрүлгөн «Студенттик жаз – 2012» фестивалында Гран – приге жетишкен.
  • 21-май 2014 ж. күнү АГУПКР университети тарабынан уюштурулган «Уникум» аттуу интеллектуалдык оюн өтүп, ага 18 окуу жай катышып 24 команда ат салышышты, Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин атынан «Чыгыштын Чыгаандары» аттуу команда барып ойноп 1чи орунду ээлеп келишти.

Төлөбүбү Касымалиева

Айбат гезити №150 (16.10.2015)




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru