Айбат » Боенбогон саясатчы айымдар

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Боенбогон саясатчы айымдар

Табити жоктуктун ченеми болот, бирок табити бардын ченеми такыр болбойт, – деп Коко Шанель айткандай бул жашоодо табити жок аялзаты көбүрөөк болгону менен, арабызда табити менен кийинген, табити менен боенгон аялзаттары да бар десек болот. Албетте, аялзаты назик, сулуу болгондуктан анын боенуп, өзүн каранып, жүрүүсү аялзатынын сулуулугуна сулуулук кошуп, аны андан да көрктүү кылаары бышык эмеспи. Биз бүгүн саясаттагы сулуу бирок боенбогон айымдар туурасында жазууну туура көрдүк. Албетте, боенуу, боенбоо ар кимдин өзүнүн иши деңизчи, бирок, боенуп койсо сулуулугуна дагы сулуулук кошулат беле деген гана кепти айткыбыз келди.

 

Аида СаляноваБоенбогон Аида Салянова

Кыргыздын «Темир айымы» атыккан Аида Салянова да боенбогон, жөнөкөй саясатчы айымдардын катарын толуктайт. Боенбойт, деген сөз өзүн карабайт деген мааниде эмес албетте. Эжекебиз өзүн карагысы келген учурда сулуулук салонуна кирсе чыкпайт.  Генпрокурор болуп турганда шаардагы бир сулуулук салонунун эшигинде кызматтык машинеси 5 саат турганын Жанар Акаев жазып чыкпады беле. Аны эске алганда Аида Салянова өзүнүн сулуулугуна кам көрүп жүргөн айым. Бирок, эмнегедир Аида Жеңишбековна да көпчүлүктүн алдына таптакыр боенуп чыкканын көрө элекпиз. Бирок, ага боенбогон деле сонун жарашат.

 

Роза Исаковна да боенбогон саясатчы айым

Өзүн саясатта мыкты гана жагынан көрсөткөн биздин экс-Президентибиз Роза Исаковна да өзүнө эмес, ишине көбүрөөк кам көрөт десек болот. Себеби, илимге, чоң саясатка аралашкан, берилген кишинин өзүн караганга убактысы деле жок калат болуш керек. Президент болуп өлкөнү башкарып турганда стили бир топ өзгөргөн эле. Стили өзгөргөн менен, Роза Исаковна да боенгонду жаман көргөн айым окшойт, эл алдына табигат тартуулаган гана сулуулугу менен чыгат.

 

Жөнөкөй жүргөн министр Сариева

Бизде болсо мурдагы вице-премьер-министр, учурда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева айым да өзүн өтө жөнөкөй алып жүрөт. Албетте, акылына сулуулугу дал келген Эльвира айымды барган жерден сый-урмат менен тосуп алышат. Анан дагы чачын дайыма бир карэ формасында алып, эч кандай чач жасалга жасабай жүргөнүн байкадык. Кандай жыйын өткөрсүн, кайсы жерге барбасын бетине макияж койбогонун көрөбүз. Аялзаты үчүн акылдуулук албетте биринчи орунда турат деңизчи, бирок, мамлекеттик деңгээлдеги ири саясатчы айымдарыбыз кээ бир учурларда өздөрүнө жарашкандай боенуп алса деле ашыктык болбос.

 

Боек менен дос болбогон Ыргал Кадыралиева

Маркум Санжар Кадыралиевдин карачечекей карындашы, экс-депутат айым Ыргал Кадыралиева да боенбогон саясатчы айымдардын катарында. Жашынан жөнөкөйлүктү баалаган айым, депутат болуп келгенде деле жөнөкөйлүгүнөн жазган жок. Белден ылдый түшкөн чачы, ак жүзү аны сулуу кылып турат. Ошентсе да, саясатчы айымга макияж жетишпейт.

 

Айгүл Маратбековна да боектон алыс

Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова да башынан эле боектон алыс айым. Албетте, кылган ишинде калет жок деңизчи, бирок, Айгүл Маратбековнага кичине назиктик анан макияж жетишпейт.

 

Өмүрү боенбогон, көйнөк кийбеген Ангела Меркель

Адегенде эле Ангелла Меркель туурасында айталы. Албетте, Ангелла айымдын кебетеси, акылына төп келген сулуу. Ангела Меркель биринчи болуп 2005-жылы Германиянын канцлери болуп шайланып, 2009-жылы кайрадан шайланган. Акылы айды чапчыганы менен анын кийинүү стилине көп стилисттер ар кандай сындарын айтып жүрүшөт. Ал күнүгө ар кандай өңдөгү костюм шымдарды кийет, бирок бир эле фасондогу кийимдерди кийе бергенден такыр тажабайт. Ал эми бетине келе турган болсок, Ангела айым өмүрү боенбойт.

 

Коко Шанель

Аялзаттын атыры өзүнө караганда көп маалыматты айтып турат.

Эгер аялзаты боенбосо – ал өзүнө эң жогорку баа берет.

Самара САЛАМАТОВА

Айбат гезити №150 (16.10.2015)




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru